Коронавирус этникалык кыргыздар жашаган Тажикстандын Жерге-Тал районуна да жетти

Тажикстандагы Жерге-Тал айылы. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Тажикстандын Жерге-Тал районунда 3-майда COVID-19дан бир киши каза тапканын жана жети адам ооруканага түшкөнүн «Клоопко» Аким Кожоев билдирди. Жерге-Талдын калкын негизинен этникалык кыргыздар түзөт.

«Мен жергеталдыктар менен кече сүйлөштүм. Жети кишинин арасында оор абалда болгондору да бар экен. Мындай илдет менен күрөшө турган адистер жокко эсе дешти. Райондун борборундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын жалгыз адиси өзү илдет жуктуруп алыптыр», — дейт Кожоев.

Кожоев Жерге-Тал районунун борбору карантинге алынганын кабарлады. Мындан сырткары тургундар инфекция күч алып кетеби деп чочулап жатышканын кошумчалады. Анын айтымында, дарыканаларда дарылар жетишсиз болуп, оорукананын кызматкерлерине коргонуучу медициналык кийимдер берилген эмес.

Ошондой эле ал мындан үч күн мурда Бишкектеги Этникалык кыргыздар ассоциациясы менен биргеликте президентке кат менен кайрылганын билдирди. Буга 200дөй этникалык кыргыз Кыргызстандан кайра Тажикстанга кайта албай жатканы менен байланыштырды.

«Үйлөрүндө балдары бар, малдары бар, дыйканчылыгы бар дегендей. Оштогулар жумушу жок, акчалары жок батирде калып кетишиптир», — дейт Кожоев.

Кожоевдин айтымында, үйлөрүнө кете албай жаткандардын арасында Кырызстанга туугандарынан кабар алууга, ооруканага көрүнүүгө же иш караштырууга келгендер бар.

Тажикстандагы абал

«Озоди» үналгысы Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирустун бар экендигин 30-апрелде моюндады деп маалымдады. Басылма дарыгерлерге таянып алыскы райондордогу ооруканалар вируска каршы күрөшкө даяр эместигин жазды. Ал эми коронавирустан каза тапкан жарандардын туугандары айыл ооруканаларында бейтаптарды дарылоодо элементардык шарттар каралбаганын айтышууда.

Рашта районунун тургуну «Озодиге» «дарыгерлердин атайын коргонуучу кийими жок болгону үчүн бейтаптарды ооруканага жаткыруудан чочулап жатышат» деп кат жазган.

Ал эми саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү эксперттер бийликтин медицина көйгөйлөрүнө көңүл кош мамилеси коронавирустун жайылып кетишине алып келет деп белгилешет. Бирок Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги абал жашоочулар сүрөттөп жаткандай кооптуу эмес дешет.

Дүйнөлүк банктын божомолунда, Тажикстанда коронавирустун жайылышы 72 миңден 230 500гө чейин илдеттин оор түрүн пайда кылышы мүмкүн. Ошондой эле коронавирустан 6 600дөн 21 000ге чейин өлүм болушу мүмкүн деп айтылууда.

Коронавирустун жайылышын алдын алуу, илдеттин оор түрүнүн жана өлүмдүн санын 49 пайызга кыскартуу үчүн Дүйнөлүк банктын аналитиктери төмөнкүдөй чараларды колдонууну сунушташууда: COVID-19ту жуктуруп алгандарды үй шартында обочолоо, ыктыярдуу үй карантини жана жашы 70тен ашкандар менен социалдык аралыкта болуу.

Бүгүнкү күнгө карата Тажикстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 379га жетип, сегиз адам каза тапты. Бирок расмий Жерге-Талда канча адам коронавируска чалдыкканы боюнча маалымат табуу мүмкүн болгон жок.

Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондору этникалык кыргыздар байырлаган жер. Аталган райондордо жашаган калктын көпчүлүгүн кыргыздар түзөт. Мындан сырткары Баткенге чектеш Согду облусунда да кыргыздар көп жашаган бир канча айыл-кыштактар бар.