Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок атылды — жабыркагандар бар

Материал 21.40та жаңыртылды

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 8-май күнү кыргыз-тажик чек арасында эки мамлекеттин тургундарынын ортосунда чыр чыгып, ок атылганын кабарлады. Жаңжалда үч кыргыз чек арачы жарадар болду. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Тажикстан тараптап жабыркагандар бары-жогу азырынча белгисиз.

Чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жаңжал Баткен облусундагы Чек аймагында орун алган. Ага ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жайгашкан 5000 чарчы метр такталбаган жер тилкеси тургундардын ортосунда талаш жараткан.

Ведомство аталган жерди иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып жүргөнүн кошумчалады.

«Кыргызстандан 30-40 жаранга чукул жана Тажикстандан 30-40га жакын жаран бир-бирине таш ыргытып башташты. Чыр учурунда мергенчи куралынан ок чыгарылган. Жаңжалды күчөтпөө максатында Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын тобу эскертүү иретинде асманга ок аткан», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдагандай, бир нече убакытка абал турукташып, эки мамлекеттин жарандары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштаган. Бирок күтүүсүз жерден Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын чек арачылары кыргыз чек арачылары менен жарандарын көздөй миномёттордон ок чыгарышкан.

Жаңжал учурунда тартылган тасмалар социалдык тармактарда тарап жатат. Анда кыргызстандыктар атылган октон жашынууга аракет кылып жатышканын, таштар ыргытылып жатканын көрүүгө болот.

Учурда чек арачыларды ортосундагы ок атуулар токтотулганы кабарланды. Кыргызстандын жана Тажикстандын Исфара районунун чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда абалды турукташтырууга багытталган сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Буга чейин кыргыз-тажик чек ара аймагында абал оор катары мүнөздөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү. Тараптар абалды турукташтыруу үчүн түз байланышты кармоону макулдашты.