Бул мигранттар тууралуу чоң материалдын бир бөлүгү. Шилтеме аркылуу өтүп, толугу менен окуңуз.

Кыргызстандык мигранттар үчүн Перс булуңдагы өлкөлөрдүн арасында эң таанымалы бул Бириккен Араб Эмирликтери . Бул жакта 5,5 миңдей кыргызстандык жашап, иштейт.

Кыйын кырдаалга тушугуп же укугу бузулган мигранттар ошол замат Кыргызстандын Дубайдагы Башкы консулдугуна кайрылганы оң, аларга ал жерден жардам көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, БАЭ — бул кыргыз мигранттары Орусиядан кийин эле өз өлкөсүнүн билигинен жардам алышкан экинчи өлкө. 2020 жылдын апрелинде БАЭдеги консулдуктун эсебине 5 млн сомдой каражат которулган.

Башкы консул Айбек Маматбековдун айтымында, аталган каражаттардын бардыгы Кыргызстанга уча турган ишсиз жана жашаган жери жок мекендештердин тамак-ашына жана жашоосуна жумшалып жатат. Акыркы эки айда БАЭден кыргыз мигранттар менен бир нече чартердик рейс учуп кеткен.

Рейстерди жана бош орундарды Flydubai.com сайтында көрүүгө болот, бирок сөзсүз түрдө элчилик менен байланышып, бул рейстеги учактын Кыргызстанга конууга уруксаты бар-жогун тактап алуу керек.

Буга чейин башка убакытка билет алган жарандар аталган сайтта кошумча акча төлөп, билетин башкасына алмаштырып алышса болот. Ошондой эле консулдук арабиялык донорлор менен кызматташып, алардын эсебинен 24 жаранга билет алып берген. Дипломаттар БАЭде калууну чечкендерге да жардам көрсөтүп жатат. Алар жергиликтүү фонддор менен биргеликте 260тан ашуун кыргыз жаранына азык-түлүк себетин берген.

Кайда кайрылса болот?

Элчилик менен байланышуу жолдору:

Сайт

kgembassy.uae@gmail.com

+971-255-849-55

«БАЭдеги кыргыздар» тайпасы

Нотариалдык кызматтар жана паспорт же никеге каттоого туруу боюнча кеңеш берүү

Консул Адилет Сыдыков +996700781231 (Whatsapp)

Мыйзамдаштыруу, консулдук каттоо жана паспорт жоготуу маселелери

Консул Арзымат Калысов +996772175739 (Whatsapp)

Жеке суроолор боюнча

Генконсул Айбек Маматбеков +971506801578 (Whatsapp)

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Winrock International жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.