Материал USAIDдин Борбор Азиядагы Коопсуз Миграция долбоорун ишке ашырып жаткан Winrock International менен өнөктөштүктө даярдалды.

Коронавирус пандемиясы дээрлик бардык өлкөлөрдү чек араларын белгисиз убакытка жаап, учак каттамдарын токтотууга мажбурлады. Муну менен катар эле кыргызстандыктар эмгектенген миңдеген чет элдик ишканалар жабылды. Мындан улам көпчүлүк кыргызстандыктар жумушсуз калды.

Пандемия шартында эмгек мигранттары аярлуу топко кирип калганы талашсыз. Анткени карантинден улам иш токтоп, алар мекенине кайта албай жатышат. Ошондой эле мигранттар жашап жаткан өлкөлөрүндө дискриминацияга кабылып, тийиштүү медициналык жардам ала албай жатышат. Миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча 800 миңден ашуун кыргызстандык чет жакта жүрөт.

Ар башка маалыматтар боюнча дүйнөдөгү карантин 2020-жылдын июнь айынын ортосуна чейин узартылышы мүмкүн. USAIDдин Борбор Азиядагы Коопсуз Миграция долбоорун ишке ашырып жаткан Winrock International менен чет жактагы кыргыз мигранттары өз укуктарын кантип коргоп жана кайда кайрыла алышаары боюнча сунуштамаларды чогулттук.

Башка өлкөлөр кандай чараларды кабыл алышты? 

(Өлкөнүн атын басыңыз)


Социолог, Миграция жана этниканы изилдөөчү топтун мүчөсү Евгений Варшавердин айтымында, келе жаткан айларда жайкы сезонго байланыштуу мигранттардын көпчүлүгү кайрадан жумушка орнотулушу мүмкүн.

«Азырынча 15-июндан кийин мыйзамсыз мигранттардын тагдыры эмне болоорун эч ким алдын ала айта албайт. Жакынкы айларда мигранттарга чартердик рейстерди уюштуруп беришпесе, алар өз алдынча үйлөрүнө кайта алышпайт», — дейт Варшавер орусиялык мигранттар тууралуу айтып.

Эксперттин айтымында, көп учурда эмгек мигранттары карантиндин баардык талаптарын аткарып, аралыктан туруп иштей албайт.

Варшавер мүмкүн болсо жеке коргонуу эрежелерин максималдуу сактоону сунуштайт. Мисалы, эгерде ооруп калсаңыз жана башка бөлөк бөлмө жок болсо — чогуу жашагандардан шкаф же шейшеп менен болсо да тосуп оолак болуу зарыл.

«Эгерде дене табыңыз 38ден ашуун болсо тез жардам кызматынын чакыруу керек. Мыйзам боюнча, алар документтер кандай гана болбосун жардам берүүгө милдеттүү», — дейт Варшавер.

Мен эмгек мигрантымын. Жардам алуу үчүн эмне кылуум керек?

Баарынан мурда сиз жашап жаткан өлкөдө Кыргызстандын элчилиги же консулдугу бар-жогун билип алыңыз, себеби көпчүлүк өлкөдө алар жок. Мисалы, Италия кыргызстандыктар кетип аткан алдынкы 10 өлкөнүн катарына киргени менен ал жакта азырга чейин Кыргызстандын эч бир өкүлчүлүгү жок.

Бирок Италияда кыргыз диаспорасы жана кыргызстандыктардын бирикмелери бар — мындай бейрасмий уюмдар көптөгөн өлкөлөрдө бар жана аларды соцтармактардан же интернеттен эле издеп таап алса болот.

Сиз аталган уюмдардын мүчөлөрүнө ар дайым өзүңүздү кызыктырган суроолор боюнча кайрыла аласыз, себеби алардын катарында көптөгөң мекендештер бар жана алардын ичинен сиздей эле абалга туш болгон кимдер бирөө сөзсүз болушу керек.

Эгер сиздин өлкөдө кыргызстандын элчилиги болсо андан да жакшы, алардын сайтынан жана соцтармактардагы баракчаларынан маалыматтарды окуп туруңуз. Ал жактан сиз үчүн расмий жана актуалдуу жаңылыктар чыгып турушу керек.

Эгер оол абалга туш болсоңуз элчиликке кайрылыңыз — ар башка өлкөдөгү кыргызстандын элчиликтеринин контакттары төмөндө көрсөтүлгөн.

Документтериңизге жана мыйзамсыз эмгекке тиешелүү болгон суроолор менен кайрылгандан коркпоңуз. Мыйзам боюнча, элчилик жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого тийиш, башкача айтканда, суроолорго жооп берип көйгөйлөрдү чечүүдө көмөк көрсөтүшү керек.

Эгер сиздин элчилик жооп бербей же орой мамиле кылып, өз милдетин так аткарбай жатса, анда Тышкы иштер министрлигине жазып же чалып арыздансаңыз болот.

Ошондой эле сиз жашаган өлкө бийлигинин жаңылыктарынан кабардар болуп туруңуз — алар мигранттарга тиешелүү болгон мыйзам кабыл алып же буйрук чыгарып калышы мүмкүн. Эгер ошондой мыйзам кабыл алынса жалкоолонбой сөзсүз окуп чыгыңыз.

Көбүнчө мындай документтер юридикалык татаал тил менен жазылат, бирок аларды өз укуктарыңызды билип алуу үчүн түшүнүп алуу керек. Эгер сиз аны окуп, жакшы түшүнбөй калсаңы, интернеттен ага карата түшүндүрмө же ал боюнча атайын эксперттердин оюн таап окууга болот.

Анан да, өзүңүз жашап жаткан өлкөдөгү мигранттардын укуктары бонча мыйзамды сөзсүз түрдө окуп чыгыңыз. Себеп дегенде бул күтүлбөгөн кырдаалга түшүп калганда сизге жардам бере ала турган эң негизги документтердин бири.

P.S.: Материал даярдалып жатканда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2020-жылдын май айынын аягына чейин 1000ден ашуун кыргызстандыкты мекенине алып келүүнү пландап жатканы белгилүү болду:

Катар – 36

Кувейт – 105

Иран – 16

Франкфурт-на-Майне – 58

Стамбул – 349

Москва – 402

Корея – 35

Япония – 30

Беларусь – 37

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Winrock International жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Сүрөт: Валерий Панов