Бишкек: Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дагы бир врачта COVID-19 аныкталды

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭБКУБ) дагы бир кызматкерде коронавирус аныкталды. Ушуну менен ал жакта коронавируска чалдыккан медиктердин саны үчкө жетти.

ЭБКУБдун директору Камчыбек Узакбаев «Клоопко» курган маегинде COVID-19 оорукананын Бөкөнбаев көчөсүндө иштеп бейтаптарды карап аткан ЛОР врачында аныкталганын кабарлады.

«Анын мурдагы анализдери терс болчу, кечээ болсо, кайрадан анализ алынганда жыйынтыгы оң болуп чыкты», — деп билдирди Узакбаев.

Анын айтмында, учурда дарыгер республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатат. Аны менен чогуу коронавируска чалдыккан акушер жана врач неонатолог жатат — алардын оору жуктуруп алганы тууралуу 6-майда белгилүү болгон.

Бул эки медик коронавирусту Улуттук борбордун Тоголок-Молдо көчөсүндөгү Саламаттык сактоо министрлигинин жанында жайгашкан филиалында жуктурушкан. Ал жакта COVID-19 жуктурган дагы беш адам аныкталган болчу — үч эне жана эки бала. Буга чейин республикалык штаб жуктурган медиктер менен бейтаптардын бардыгы оорукананын Жал кичи районундагы филиалында аныкталганын билдирген болчу.

Учурда Тоголок Молдодо көчөсүндөгү бөлүмүндө обсервацияда 20 кызматкер жатат, алардын ичинен 13ү балдар жана жетөөсү вирусу бар адамдар менен байланышта болгон ата-энелер. Алардын COVID-19га тапшырган анализдери терс болуп чыккандан кийин аталган бөлүмгө жаткырылышкан.

Бөлүмдүн орун жайлары алдын ала дезинфекцияланып чыккан.

11-майга карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1016га жетти, алардын ичинен 235 учур — медиктер.

Мурда COVID-19 аныкталган 688 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Өлкө боюнча коронавирусу бар 12 адам каза тапкан.

Башкы сүрөт: иллюстративдүү