Жалдагы балдар ооруканасында жети адамда COVID-19 аныкталды

Республикалык штаб Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бейтаптар менен кызматкерлер коронавирус жуктуруп алышканын кабарлады.

COVID-19 эки баладан, үч энеден жана эки медкызматкерден аныкталган. Дагы 20 кызматкердин, 13 баланын жана жети ата-эненин анализдери терс жыйынтык көрсөткөн, бирок алар врачтардын кароосунда болушат.

Аталган оорукананын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулуп, Улуттук борбордун экинчи базасы дезинфекцияланды.

Оорукананын бейтаптары менен кызматкерлерин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургунунда COVID-19 аныкталгандан кийин текшеришкен. Аталган турган балдар ооруканасынын гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан.