Бул мигранттар тууралуу чоң материалдын бир бөлүгү. Шилтеме аркылуу өтүп, толугу менен окуңуз.

2019-жылдагы маалыматтар боюнча Германияда 8 жарым миңдей кыргызстандык жашайт. Өлкө бийлиги чет өлкөлүктөр үчүн шенген визасынын мөөнөтүн расмий түрдө 30-июнга чейин узартып берген. Берлин, Бонн жана Франкфурт-на-Майнедеги кыргыз консулдары аралыктан иштөө режимине өтүп, жарандарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бирок буга карабай алар телефон чалууларды кабыл алып, жарандардан почта аркылуу келген билдирүүлөргө жооп берип жатышат.

Германия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 500 миң евро бөлгөн. Зарыл болгон учурда өлкөдө ар кандай кайрымдуулук мекемелерине кайрылса болот. Мисалы, Берлин боюнча тамак-аш жана жылуу кийим жеткирүүчү, ошондой эле үйсүз калгандарды жатак менен камсыздоочу Obdachlosenhilfe мекемесине.

Кайда кайрылса болот?

Элчилик менен байланышуу жолдору:

Сайт

kgembassy.de@mfa.gov.kg

+49 30 364 11 860

+49 176 63 25 05 40

+49 157 59 61 91 63

«KyrgyzClub-Germany» тайпасыБул басылма Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Winrock International жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.