Бул мигранттар тууралуу чоң материалдын бир бөлүгү. Шилтеме аркылуу өтүп, толугу менен окуңуз.

Эгер расмий статистикага ишенсек, Европанын бул өлкөсүндө 5 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Италияда азырынча Кыргызстандын расмий дипломатиялык өкүлчүлүгү жок, анткен менен мекендештер Швейцариянын Женевадагы элчилигине кайрылышат — ал Италияда аккредитацияланган.

Кыргызстандыктар бири-бирине диаспоралар аркылуу жардам берип, Caritas Ambosiana азык-түлүк себетинин кезегине тура алышат. Италиялык бийлик бул себеттерди бир гана өз жарандарына эмес, тиешелүү докуметтери бар бардык чет өлкөнүн жарандарына да таркатып жатат.

Мыйзамсыз иштеп жүргөндөр кайрымдуулук фонддорго кайрылышса болот. Алар барына жардам беришет. Мисалы, Sant Egidio уюму гуманитардык жардам көрсөтүп, италиянча тилди акысыз үйрөтөт.

Кайда кайрылса болот?

Италиядагы аккредитацияланган элчиликтин байланыштары :

kyrgyzmission@bluewin.ch

+41 22 707 92 20

+41 22 707 92 24

+41 22 707 92 24

«Мекен» кыргыз ассоциациясынын тайпасы

«Миландагы кыргыздар»

«Сардиниядагы кыргыз биримдиги»

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Winrock International жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.