Бул мигранттар тууралуу чоң материалдын бир бөлүгү. Шилтеме аркылуу өтүп, толугу менен окуңуз.

Казакстанда расмий түрдө 35 миң кыргызстандык болгонуна карабай, бул өлкө бийлиги эмгек мигранттарына эч кандай жеңилдиктерди берген жок.

Кээ бир жеңилдиктер бир гана Өзбекстандык мигранттарга тиешелүү болуп, аларга гана берилди. Эки өлкөнүн бийлиги жарандарды социалдык жактан камсыздоочу жана дипломдор тааныла турган эки тараптуу келишимди ратификациялашты.

Бул өлкөдө кыргыз мигранттары көп болгонуна, анын ичинде Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болгонуна карабай Казакстан менен Кыгызстандын ортосунда мындай келишим түзүлгөн эмес.

Анткен менен казак бийлиги Оренбургдагы кыргыздар үйүнө кайтуусу үчүн өтмө жол түзүп берди. Ошентип 550дөй жаран автобустар менен Кыргызстанга кайтып келди.

Ошондой эле жергиликтүү диаспоралар муктаж болгон кыргызстандыктарга гуманитардык жардамдарды көрсөтүп жатышат

Кайда кайрылса болот?

Элчилик менен байланышуу жолдору:

Сайт

krembassyastana@gmail.com

0077-172-242-02

Экинчи катчы Чынгыз Кустебаев (WhatsApp, Telegram)

+7 (7172) 286108,

+7 777 473 30 09,

Үчүнчү катчы Даражан Курманалиева (Whatsapp)

+7 (7172) 242040

+7 776 124 88 33

Башка актуалдуу байланыштар:

Кыргыз диаспораларынын тизмеси жана контакттары

«KGZ in KZ» интернет-тайпасы

«Родник» укук коргоочу уюму

Нина Балабаева

+7 707 111 23 60

rodnik27@yandex.ru

«Дарис» маалымат жана кеңеш берүүчү борбору

Гульнура Едигеева

+7 705 820 09 33

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Winrock International жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.