Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 11-майдагы брифингде өлкөдө коронавирустун жаңы 14 учуру катталганын билдирди — алардын үчөөсү медкызматкер.

Бишкек шаарында — 6, Ош, Наарын жана Ысык-Көл облустарында экиден, Чүй жана Баткен облустарында бирден адамда коронавирус шарттаган инфекция аныкталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1016га жетти — алардын 235и медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 688 адам айыгып, он эки бейтап көз жумду — алардын ичинде бир медициналык кызматкер да бар.

Аймактар боюнча: Бишкек шаарында – 272, Ош шаарында – 113, Ош облусунда — 180, Нарын облусунда – 129, Чүй облусунда – 142, Жалал-Абад облусунда – 144, Баткен облусунда – 114, Ысык-Көл облусунда – 12. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру катталган жок.

Учурда ооруканаларда 316 адам калууда. Алардын тогузу жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1100 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 4371 адамды түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле 11-майга чейин жалпысынан 51 592 адамдан анализ алынган. Алардын 51 472синин жыйынтыгы чыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.