Бул мигранттар тууралуу чоң материалдын бир бөлүгү. Шилтеме аркылуу өтүп, толугу менен окуңуз.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 30 миңдей кыргызстандык бар. Мындан сырткары, ал жакта ондогон жыл бою жашап, эбак эле түрк жарандыгын алып койгон кыргыз диаспоралары да бар.

Кыргызстандын бийлиги аз-аздан мекендештерди Түркиядан кайтарып жатат — атайын чартердик рейстер менен 700дөн ашуун кыргызстандык үйлөрүнө кайтып келди. Дагы 530 адам учуп келүүгө билдирме берип, мекенге кайтууну пландап жатат.

Элчилик кыргызстандыктардын учуп кетүү үчүн берген билдирмелерин телефон жана почта аркылуу кабыл алып, консультация берип жатат. Ошондой эле дипломаттар кыргыз диаспорасы менен биргеликте өз жарандарын азык-түлүк жана убактылуу жашоочу жай менен камсыздап, жардам көрсөтүшүүдө.

Аталган гуманитардык жардамды алуу үчүн элчилик же диаспорага кайрылуу керек — алардын контакттарын материалдын аягынан тапсаңыз болот.

Жалпысынан элчилик Түркүянын ар башка шаарларында — Стамбул, Анталия, Измир жана Анкарада — жайгашкан 7 кыргыз уюму менен кызматташып жатат. Алар оор абалга түшкөн эмгек мигранттарына гана эмес, студенттерге да жардам беришүүдө.

Түрк бийлиги өз жарандары менен мыйзамдуу түрдө иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө акысыз беткаптарды таратып жатат. Ошондой жергиликтүү башкармалыктар муктаж болгондорго дезинфекциялоочу каражаттарды жана азык-түлүктөрдү берүүдө.

Түрк тарап 15-апрелде Кыргызстан менен эки өлкөнүн жарандарын бирдей социалдык камсыздандыруу боюнча келишимди ратификациялаган. Келишимге ылайык, мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки өлкөдө тең пенсия жана жөлөкпулдарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Түркияда мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдү эмне күтөөрү азырынча белгисиз.

Кайда кайрылса болот?

Элчилик менен байланышуу жолдору:

Сайт

kgembassy.tr@mfa.gov.kg

+90-312 491 35 06

+ 90-312 491 35 07

Күнү-түнү иштөөчү колл-борбор:

+90 545 689 68 00

Диаспоралар:

Стамбул

«Стамбулдагы кыргыздар» тайпасы

«Стамбул шаарындагы кыргызстандыктар» тайпасы

«Кыргыздардын достук жана маданият уюму»

Айбек Кочкоров — 0535 764 13 66

Анталия

«Анталиядагы кыргыздар» тайпасы

«Кыргыз достугу» тайпасы

«Кыргыз Айымдары» коомдук бирикмеси

0534 331 82 19

Кыргызстандыктарга билим берүү жана жардам көрсөтүү коомдук бирикмеси

0553 771 05 59

«Кыргыз Эли» коомдук бирикмеси

0544 282 27 23

Анкара

«Анкарадагы кыргыздар» тайпасы

«Алга Айымдар» коомдук бирикмеси

0532 655 06 28

Измир

«Кыргыз Айымдары» коомдук бирикмесинин филиалы

0530 589 43 82

Тайпалар: «Түркиядагы кыргызстандыктар»

«Түркиядагы мекендештер»

Ошондой эле:

Кыргыз республикасынын Түркиядагы студенттер платформасы

0505 053 25 62

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Winrock International жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.