Коронавирус инфекциясына чалдыгуу тенденциясы азайып баратканы байкалууда — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-майда өткөн брифингде билдиргендей, «республикада 15-16-апрелдерден тарта ооруга чалдыгуунун тенденциясы азайып баратканы байкалууда».

Анын айтымында, коронавирус жуктуруу учурларынын саны 5-апрель жана 20-апрель аралыгында көбөйгөн, ал эми жогорку абсолюттук көрсөткүч 11 жана 12-апрелде белгиленген.

«Эң жогорку деңгээл божомолдонгондон убакыттан бир жума эрте келди, ал эми ооруга чалдыгуунун азайышы апрелдин аягына туура келди, бул эффективдүү иш-чараларга байланыштуу. Бүгүнкү күндө, сырттан алынып келинген учурлардын жана карым-катнаш аркылуу турмуш-тиричилигиндеги жуктуруулардын саны көп болуп жаткандыктан, көрсөткүчтөр азырынча чыңалуу бойдон кармалып турат», — деди ал.

Апрелде Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө 2020-жылдын 20-апрелинен 24-апрелине чейин коронавирустун жайылышынын жогорку чеги күтүлөөрүн кабарлаган.

12-майга карата өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 1037 адамга жетти. Орточо эсеп менен бир сутка ичинде 20га чукул жаңы учур катталууда. Бирок, 10-майда өлкөдө жаңы 71 учур катталган, анткени Орусиянын Соль-Илецк шаарынан инфекциясы бар 55 кыргызстандык кайтып келген.

Жалпы COVID-19га чалдыккандардын ичинен бейтаптардын 70% ооруканадан чыгарлды. Эмидемия башталган убактан бери өлкөдө коронавирустан 12 адам каза тапты.