Коронавирустун жайылышынын жогорку чеги апрелдин аягына туура келет — ССМ

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда 2020-жылдын 20-апрелинен 24-апрелине чейин коронавирустун жайылышынын жогорку чеги күтүлүүдө. Мындай божомолду ведомствого кыргыз окумуштууларынан турган топ берген.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдагандай, өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байкоо жүргүзүү үчүн ведомство атайын топ түзүп, анын курамына алдыңкы катардагы адистер жана кыргыз окумуштуулары кирген.

«Буга эртерээк жетип, өтүп кетсек дейм, анткени андан ары сөзсүз түрдө төмөндөө болот. Бул оорунун алдын алууга өтүүгө көмөктөшөт, ал эми биздин жарандар азыр бардык чектөөлөрдү так сакташы зарыл, бул соӊку максатка таасирин тийгизет – коронавирус инфекциясын жугузуп алуу фактыларын жана механизмин үзүүгө», — деп билдирди Үсөнбаев.

Үсөнбаев мындай билдирүүнү бийликтин өзгөчө абал тартибин, аны менен кошо карантинди узартуу боюнча каалоосунун шартында жасады. Вице-премьер-министр 13-апрелде президент Сооронбай Жээнбековго өзгөчө абал режимин айдын аягына чейин узартуу сунушу менен кайрылган.

Өзгөчө абал тартиби киргизилгендиктен өлкө экономикасы жабыркап, көптөгөн адамдар жумушсуз калды.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун алгачкы учурлары 18-мартта катталган. Арадан бир ай өткөн соң, тагыраагы, 14-апрелге карата COVID-19га чалдыккандардын саны 430 адамды түздү.

71 бейтап айыгып чыкты деп эсептелет. Коронавирус инфекциясынан улам 5 адам каза тапты.