Кыргызстанда коронавирустан дагы 21 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-майдагы брифингде маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 21 бейтап коронавирустан айыкты. Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Бишкек шаарныда 12, Ош облусунда жана Ош шаарында үчтөн, Нарын облусунда эки жана Жалал-Абад облусунда бир бейтап өпкөнү сездеткен илдеттен айыкты. Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 709га жетти — алардын 186сы медкызматкер.

Кыргызстанда 12-майга карата коронавирустун жаңы 21 учуру катталды — жалпысынан 1037 учур. Ооруканаларда 316 адам жатат — алардын жетөө оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө төрт бейтап которулган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.