Өзгөчө кырдаал режимин алып салууга азырынча эрте — Саламаттык сактоо министрлиги

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Нурдин Жээнтаевдин фейсбук баракчасынан алынды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 13-майдагы брифингде өзгөчө кырдаал режимин алып салуу тууралуу сөз кылууга азырынча эрте экендигин билдирди. Ошол эле учурда ал эпидемиологиялык абал туруктуу болуп жатканын айтты.

«Эгер ушундай абалды сактап кала турган болсок, бара-бара жугузуп алгандардын саны азайып кете турган болсо, карым-катнашта болгондордун баарын изилдеп, текшерип чыксак гана өзгөчө кырдаалдын убактысын кыскартуу же аны алып салуу боюнча сөз кылсак болот», — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанга өзгөчө кырдаал режими коронавирус пандемиясынан улам 22-марттан тарта киргизилген. Ал эми өзгөчө абал тартиби Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда 25-мартта жарыяланган.

Өзгөчө абал режими 11-майда алынды, бирок өзгөчө кырдаал режими сакталып калды. Бишкек жана Ош шаарларына, Нарын облусунун Ат-Башы районуна жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагына эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин режими да киргизилген.

Республикалык штабдын 11-апрелдеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алынган тесттердин бардыгынын жыйынтыгы чыгып, байланышта болгон акыркы адам такталмайынча өзгөчө кырдаал сактааларын айткан.

Ошондой эле 3-майдагы брифингде Вирустук инфекцияларды контролдоо боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги 11-апрелден 20-апрелге чейин болуп өткөнүн айткан.

Жогорку чек — бул жуктуруу учурлары басаңдап, медиктерге күч келүү акырындык менен азая баштаган убакыт.

13-майга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы жети учуру катталды. Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1044кө жетти — анын 241и медкызматкер. Коронавирус жуктурган 12 жаран каза болду, 726 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.