Жогорку сот Азимжан Аскаровдун өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык даттануусун 13-майда карап чыкты. Сот отуруму Аскаровдун катышуусу жок өттү.

Укук коргоочу БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечими боюнча Чүй облустук сотунун өкүмүнүн үстүнөн даттанган. Комитет 2016-жылы бийликти Аскаровду актоого жана бошотууга чакырган, бирок анда Чүй облустук соту Аскаровго карата өмүрү өтүчөктү жаза өтөө өкүмүн күчүндө калтырган.

«Бир Дүйнө — Кыргызстандын» адвокаттары Жогорку соттон укук коргоочу Азимжан Аскаровго каршы кылмыш куугунтугун токтотууну жана аны БУУнун Комитетинин чечиминде жазылгандай эркиндикке чыгарууну суранган.

«Аскаровдун камакта отурганына жакында 10 жыл болот. Ал дээрлик 70 жашка чыгып калды, ооруп атат. Гумандык жана адилеттүүлүк принципин эске алуу менен, эл аралык келишимдер боюнча алынган милдеттенмелерди аткаруу менен кылмыш ишин токтотууну суранам», — деп билдирди сот жыйынында адвокат Валерьян Вахитов.

Прокурорлор жооп ирээтинде соттон Аскаровго карата чечимди күчүндө калтырууну суранынышты.

«Аскаровду кыйноо арыздары боюнча текшерүү өткөрүлдү. Олуттуу бузуулар болгон эмес», — деп билдирди прокурор.

Натыйжада Жогорку сот Аскаровго карата чыгарылган мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды.

Ал эми Аскаров өлтүрдү делген милиционердин туугандары өкүм чыккандан кийин кол чабышты.

Айыпталуучунун аялы Хадича Аскарова «Медиазонага» курган маегинде күйөөсүнүн күнөөсү жоктугун айткан. «Бул адислетсиз сот болгон, сотко ишенбейм, мен Кудайга ишенем, ал бизге жардам берет», — деп келтирет басылма Аскаровдун аялынын сөздөрүн.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун башчысы билдиргендей, адвокаттар Жогорку соттун чечиминин үстүнөн БУУнун комитетинде даттанышат.

Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андай боло элек.