Дүйнөлүк банк Ошко 60 млн доллар бөлмөкчү. Анын жарымы туризмди өнүктүрүүгө жумшалат

Тулпар Көл, Ош облусу

Бүткүл дүйнөлүк банк Ош облусуна 60 млн АКШ долларын бөлүп берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев 14-майдагы брифингде кабарлады.

Бөлүнө турган каражаттын 30 миллиону облустагы туризм тармагын өнүктүрүүгө жумшалат — жол курууга, таза суу менен камсыздоо жана маданий иш-чаралар.

«Илдетти жеңип чыксак, биз ички жана сырткы туризмди өнүктүрүп, чет элдик меймандарга жана кыргызстандыктарга жакшы шарт түзүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. [...] “Саясатчы эмес, саякатчы эл бололу" деген ураан менен иштеп жатабыз», — деди Жылкыбаев.

2018-жылдын статистикасына ылайык, туризм сферасындагы ишканалардын дээрлик 17,3 пайызы Ош облусунда жайгашкан — бул өлкө боюнча экинчи көрсөткүч. Аталган жаатта эң көп ишканалар Бишкек шаарында орун алган — 18%.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанга 1 млн 779 миң турист келген — бул 2018-жылы келген туристтердин санына салыштырмалуу дээрлик 400 миңге көбүрөөк. Алардын 810 миңи уюштурулган сектор, башкача айтканда алдын ала путевка же туристтик тур аркылуу келген.

Статкомитет кабарлагандай, өткөн жылы өлкөгө чет өлкөлүк жарандардын келип кетишинен 613,1 млн АКШ доллары киреше түшкөн — бул 2018-жылга салыштырмалуу 160 миллион долларга көбүрөөк.