Өкмөт: 2019-жылы өлкөгө 8,5 млн турист келген. Чындыгындачы?

Иллюстративдик сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров өкмөттүн отчётуна ылайык былтыр Кыргызстанга дээрлик 8,5 млн турист келгенин белгилеп, алар кандай ыкма менен эсептелгенин сурады.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов депутат келтирген маалымат Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет элдиктердин жалпы саны экенин билдирди.

«Бул чек арадан өткөн чет элдик жарандардын саны. Анын 30-40 пайызы (2,55-3,4 млн) туристтик максатта келип жатат. Калганы ар кандай багытта — ишкердик, соода-сатык жана башка максатта келгендер», — деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанга 1 млн 779 миң турист келген. Бул көрсөткүч туризм министри келтирген сандан дээрлик эки эсеге аз.

Жамангулов жооп бергенден кийин Бакиров чыныгы турист менен өлкөгө иштегени келгендердин айырмасы бар экенин айтты.

«Биз өзүбүздү-өзүбүз алдабай бир методиканы иштеп чыгыш керек да. Туристтин потенциалы башка, кетмен чапканы келген жалданма жумушчу башка», — деди депутат.

Министр өлкөгө кирип чыккандардын эсебин ала турчу электрондук система ишке кирип жатканын айтып, быйыл экинчи этабы толук ишке ашарын белгиледи.

«Система толук иштегенден кийин бир күндө канча киши келип жатканын электрондук түрдө алууга мүмкүнчүлүк болот. Ошондон кийин так аныктап бере алабыз», — деди Жаманкулов.

13-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылы жасаган иши боюнча отчётун карап жатат.