«Азыркы учур» басылмасы Орусиянын Оренбург облусундагы мигранттардын лагерине барып кайтты. Ал Казакстан менен чектеш аймакта жайгашкан. Буга чейин Кыргызстан жергиликтүү Соль-Илецк шаарынан 500дөн ашуун кыргызстандыкты автобустар менен алып кетип мекенине кайтарган. Алардын арасындыга 50дөн ашуун мекендеште COVID-19 табылган.

Анткен менен Кыргызстан Соль-Илецктен 500дөн ашуун жаранын чыгарып кеткенге чейин эле Казакстан башка мигранттар үчүн да мекенине карай өтүш үчүн коридор ачат деген өңдүү кептер тарап кеткен.

Ошондуктан Оренбург облусуна Орусиянын бүткүл булуң буручунан мигранттар, бир гана кыргызстандыктар эмес, өзбекстандык мигранттар да келе баштаган. Алардын бардыгы үйлөрүнө кайтууга үмүт артышкан.

Натыйжада облуста мигранттар күн көрүп аткан чатыр лагерлери пайда болгон. Өзбекстандык мигранттардын чатыр шаарчалары казак чек арасына жакын Оренбург, Бугуруслан жана Маштаково көзөмөл өткөрмө жайынын жанында жайгашкан. Ал эми кыргыздардыкы Бузулук районунда кең талаада орун алган — лагерде болжолдуу 500 адам, алардын ичинде кош бойлуу аялдар жана кичинекей балдар бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Карантинде көрүңүз. Москвадагы мигранттардын жашоосу

Пандемия убагында кыргыз мигранттары жардам сурап кайда кайрыла алаарын түшүндүрөбүз

«Бир маал тамактанабыз». Орусиядан мекенине кайта албай жаткан кыргыз мигранттары