Парламент комитети партиялар үчүн шайлоо босогосун 5%га чейин төмөндөтүүнү колдогон жок

Парламенттин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинде партиялар үчүн шайлоодон өтүү босогосун 5%га чейин төмөндөтүү боюнча угуу болуп өттү. Түзөтүүнү «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат Мирлан Жээнчороев демилгелеген.

Буга чейин депутаттар биринчи окууда ушуга эле окшош мыйзамдын долбоорун жактырышкан. Ал документ парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун 7%га чейин азайтууну шарттаган. Учурдагы шайлоо босогосу — 9%ды түзөт.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин жыйнында партиялар үчүн 7% босогону колдоду.

Анын айтымында, партиялар 5% босогодон өтүш үчүн 101 миң, ал эми 7% босого үчүн — 142 миң добуш алышы керек.

14-майда бул эки мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда регламент бузулганынан улам алардын демилгечилери Мирлан Жээнчороев менен Канат Керезбековдун ортосунда талаш жаралган.

Депутат Жээнчороев шайлоо босогосун азайтуу боюнча мыйзам долбоорунун бирин күн тартибинде жок болсо да талкуулоо башталганына нааразы болгон.

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо 7% босого иштеп турган, бирок аны 9% чейин көтөрүү боюнча түзөтүү 2017-жылы кабыл алынган. Мындай түзөтүүлөрдүн авторлорунун бири Жээнчороев өзү болгон.

Партиялардагы чаржайыттык

Шайлоодо партиялар үчүн шайлоо босогосун азайтуу тууралуу депутаттар үстүбүздөгү жылдын октябрында пландалып аткан парламенттик шайлоонун алдында кеп кыла башташты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун айынан качандыр бир кезде бийликчил болуп турган КСДП партиясы учурда лидерлик позицияларын жоготуп койгон.

Лидерлик позицияда болгон дагы бир — «Республика — Ата-Журт» партиясы да учурда башынан кризисти өткөрүүдө. Партияда чаржайыттык байкалып турат, анткени анын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин саясаттан кеткен болчу. Ал шайлоо учурунда жана андан кийин да Жээнбеков менен Атамбаев кысым көрсөтүп, ага карата козголгон кылмыш иштерин аягына чейин чыгаруу менен коркутушканын билдирген. Учурда партияны Мирлан Жээнчороев жетектейт.

Андыктан учурда парламентте күчтүү партия жок, ошондуктан жакын арада формат өзгөртүүлөр жана азыркы саясий биримдиктер менен биригүүлөр болушу мүмкүн. Бул деген азыркы иштеп аткан депутаттар кийинки чакырылышка илинүү үчүн күчтүү, же бай партияларды табышы керек дегенди айгинелейт.

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калган, бирок шайлоо өнөктүгүндө «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары алдыга озуп чыгышкан — бул партиялардын жетекчилерин бир жактан Матраимовдордун кланы менен, экинчи жактан Жээнбековдордун кланы менен байланыштырышат.

Булардан сырткары «Чоң Казат» кыймылы таанымал боло баштады, кыймылдын мүчөлөрү бай саясатчылардын бетин ачууну жана «уурдалгандарды кайтарууну» талап кылышууда.