Чүйдөгү колониянын дагы 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Молдовановкадагы №27 колониясы. Сүрөт «Заноза»

Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 колониясынын дагы үч кызматкеринде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-майда билдирди.

«[Буга чейин коронавируска чалдыккан] төрт кызматкердин контакттарын баарын текшергенде чыккан. [...] Дарыланууга жөнөтүлүп, көзөмөлгө алынган. Байланышта болгондордун баарын изилдеп, эпидемиологиялык иликтөөлөр уланып жатат», — деди Үсөнбаев.

Буга чейин 17-майда №27 колониянын төрт кызматкеринде COVID-19 аныкталган. Учурда алар Бишкектеги жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатышат.

Мындан сырткары Бишкектеги ТИЗО-1 жана бир нече колониянын кызматкерлери, кызматкерлер госпиталы менен поликлиникасындагы 18 медик текшерилген. Жалпысынан 543 кызматкердин анализдери изилдөөдөн өткөн. Бардыгынын ПЦР-анализдери терс жыйынтык көрсөткөн.