Молдавановкадагы колониянын төрт кызматкеринде COVID-19 аныкталганы тастыкталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Молдавановкадагы №27 колониянын төрт кызматкеринде коронавирус аныкталганын тастыктады. Алар учурда Бишкектеги инфекциялык ооруканада дарыланышууда жана «коронавирус жуктуруунун жаңы учурларынын» арасына кирбейт. Алардын абалы жакшы деп бааланууда.

Анткен менен акыркы сутка ичинде инфекцияга чалдыккандардын арасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) бир кызматкери бар. Бирок, кечээ мамкызмат вирус жуктуруп алгандар жок деп билдирген.

«ЖАМКтын мекемелеринде кызматкерлерди COVID-19га текшерүү иши уланууда. Бишкектеги ТИЗО-1, №47, Степное айылынын №2, Новопокровка айылынын №3, Молдовановка айылындагы №27 колониясынын кызматкерлери, ошондой эле кызматкерлер ооруканасындагы жана поликлиникасындагы 18 медик текшерилди. Жалпысынан 543 кызматкер текшерилди, баарынын ПЧР-анализдери таза чыкты», — деп келтирет ЖАМКтын басма сөз кызматынын айткандарын «Кактус» басылмасы.

Колониянын кызматкерлеринин арасында вируска чалдыккандар бар болушу мүмкүн деп ЖМКлар билдирген. Колониянын кызматкери ооруканага өзү келгени маалымдалган. Саламаттык сактоо министрлигинин брифингинде инфекцияга чалдыккан кызматкер ооруканага 12 же 13-майда кайрылган деп билдиришкен. Үсөнбаевдин айтымында, колониянын кызматкерлери менен байланышта болгон адамдардан анализдер алынды.