Кыргызстанда коронавирус дагы 27 адамдан аныкталды — жалпы 1270 учур

«Семетей» обсерватору. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда 20-майга карата коронавирустун жаңы 27 учуру катталганын маалымдады.

COVID-19ду жуктуруп алгандардын эң көбү Нарын облусунда аныкталды — 19 учур. Бишкек шаарында — төрт, Ош облусунда — эки, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден адам коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1270ке жетти — анын 266сы медкызматкер. Илдеттен жалпысынан 910 адам айыгып, он төрт бейтап каза болду.

Бишкек шаарында коронавирус кескин жайылып, бүгүнкү күндө борбор коронавирусту жуктургандардын саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат — 334, алардын он төртүн Санкт-Петербург шаарынан келген жаран түзөт. Чүй облусунда коронавирустун 209 учуру катталып, анын 104ү Соль-Илецк шаарынан келген жарандан аныкталды.

Ош облусунда – 197, Ош шаарында – 124, Жалал-Абад облусунда – 154, Баткен облусунда – 25, Нарын облусунда – 213, Ыссык-Көл облусунда – 14 учур катталды.

Учурда ооруканаларда 346 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 12 бейтап оор абалда — бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 175 адам жатат.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 6280ди түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 1946.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.