ССМ: Коомдук транспортто канча орундук болсо ошончо жүргүнчү түшүүсү керек

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коомдук транспорт иштеп баштагандан тарта жүргүнчүлөрдүн саны унаадагы орундуктардын саны менен чектелээрин брифингде билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, санитардык талаптардын сакталышына транспорттук компаниянын жетекчилиги жооп берет жана алар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздап берүүгө тийиш.

Үсөнбаев кошумчалагандай, коомдук транспорттогу эң маанилүү эрежелердин бири — бул 1,5 метрлик аралыкты сактоо.

«Эрежелер мындай болот: салондо тыгылышты болтурбоо үчүн унаадагы орундуктар боюнча ташышат, дезинфекция иши да сакталат, ар бир каттамдан кийин салондун бардык бөлүгү тазаланышы керек, аралык 1,5 метрден аз болбошу зарыл. Бири-бирибизден канчалык алыс болсок, инфекция жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук аз болот», — деди Үсөнбаев.

Бишкекте коомдук транспорт 25-майдан тарта иштеп баштайт, ушул күндөн тарта борбордогу ишкердиктин дээрлик бардык тармактары ачылат.

Бирок, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-майда өткөн брифингде билдиргендей, эгер коронавирус кырдаалы жакшырып кетпесе, ишкердиктин кээ бир тармактары кайрадан токтотулат.

20-майга карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруунун 1 270 учуру катталды, алардын ичинен 910 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Коронавирус аныкталган 14 адам каза тапты.