Бишкекте коомдук транспорт 25-майдан тарта иштеп баштайт — Боронов

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-майда өткөн брифингде 21 жана 25-майдан тарта этап-этабы менен иштеп баштай турган тармактар тууралуу айтып берди.

21-майдан тарта төмөнкү иш тармактары иштеп баштайт:

  • Калкты тейлөө борборунун бардык бөлүмдөрү;
  • Бут кийим жана саат оңдоо;
  • Эмерек чогултуу жана оңдоо;
  • Соода борборлору (оюн-зоок аймактары менен фудкорттордон башкалары);
  • Бардык азык-түлүк дүкөндөрү;
  • Автоунааларды каттоо органдары;
  • Унаабазарлары;
  • Мал базарлар;
  • Бардык жеке репетиторлук кызматтар;
  • Жеке мончо жана спа борборлору;
  • Мейманканалар (бассейн жана спортзалдардан башкалары).

25-майдан тарта ишмердиктин төмөнкү тармактары ишин баштайт:

  • Буюм-тайым базарлары;
  • 50 кишиден ашпаган орундукка чакталган коомдук тамактануу жайлары, кафе жана ресторандар;
  • Театрлар, музейлер, китепканалар, галереялар;
  • Коомдук транспорт.

Боронов бизнес ээлери менен жарандар санитардык-эпидемиологиялык нормалардын баарын сакташы керек.

«Эгер өлкөдөгү коронавирустун кырдаалы жакшырбаса, кээ бир тармактардын ишинин жанданышын кийинкиге калтырууга мажбур болобуз», — деди вице-премьер.

19-майга карата, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 243 адам катталган. Ушул убакытка чейин COVID-19у бар 14 адам каза тапкан.