Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 1300дөн ашты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан Кыргызстанда 21-майга карата коронавирустун жаңы 43 учуру катталганын маалымдашды. Бишкек шаарында 23 адамда илдет аныкталды — бирөөсү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген. Ошондой эле Нарын облусунда — сегиз, Ош шаарында — беш, Ош облусунда — төрт жана Баткен облусунда — эки адамдан COVID-19 табылды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1313кө жетти — анын 270и медкызматкер. Коронавирус жуктурган 14 жаран каза болду, 929 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 357. Нарын облусунда — 221, Чүй облусунда — 205, Ош облусунда – 201, Жалал-Абад облусунда – 154, Ош шаарында – 129, Баткен облусунда – 27, Ыссык-Көл облусунда – 14 учур. Ал эми Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 6435 адамды түздү — алар медициналык көзөмөлгө алынган.

Ооруканаларда 370 адам калууда — алардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 1902 адам жатат. Бир сутка ичинде 1894 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.