Бишкек шаары. Сүрөт: Расул Үсөналиев

Бишкекте 25-майдан тарта коомдук транспорт иштеп баштады. Шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, каттамга 110 троллейбус менен 112 автобус чыкты. Ошондой эле, 800-900дөй маршрутка да жүрүп баштады — бул болжол менен кичи автобустардын 50 пайызын түзөт.

Март айынын аягында коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн жана коопсуздук чараларын күчөтүү максатында коомдук транспорт ишин токтоткон. Бир жарым айдай борбор калаа өзгөчө режимде жашады. 11-майда өзгөчө абал алынып, бир катар ишканалардын иши жанданды. Бирок шаарда өзгөчө кырдаал жана карантин режими сакталды.

Коомдук транспорт ишке кирген алгачкы күнү №11 троллейбуска түшүп, Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен санитардык талап-шарттар кандай аткарылаарын билип көрүүнү чечтим. Шаардын көчөлөрүндө автоунаалар бир аз көбөйүп калганы даана байкалды. Аны менен катар көчөдө жүргөн кишилер да көп. Исхак Раззаков атындагы техникалык университеттин алдынан троллейбуска түшүп, Батыш автовокзалына чейин бардым.

Биринчи эле байкаганым салондогу элдин баары беткап тагынган. Бүгүн дем алыш күн болгонү үчүнбү троллейбустун ичинде 7-8 гана жүргүнчү отурду. Жолдо аялдамага токтогон сайын бир-эки киши түшүп, айрымдары чыгып жатты.

Салондун ичинде айдоочуну бөлүп турган тосмонун жанында санитайзер орнотулган. Кээ бир жүргүнчүлөр колун бир сыйра ал менен сүртүп, андан кийин жол кирени берип жатты. Айрымдары санитайзерге көңүл да бурган жок.

Троллейбустун айдоочусу Алмаз башка көпчүлүк шаардыктар сыяктуу эле эки ай бою үйдө жумушсуз отурган. Бүгүн коомдук транспорттун иштеп баштаганы ал жакшы жаңылык. Бирок айдоочу министрлик киргизген эрежени толук сактоо катардагы жарандар үчүн оор болот деп эсептейт. Анын ою боюнча транспортко түшкөндө беткап менен колкап кийгиле деген эле талап орундуу болмок.

Алмаз ар бир каттамга чыгаар алдында транспорттун ичи бир сыйра залалсыздандырылып, айдоочулар беткап тагынып, колкап кийип иштеп жатышканын айтты. Алар компаниянын эсебинен алынган. Бирок айдоочуларга коргонуучу атайын кийим берилген эмес.

Троллейбус каттамдан келип токтогондон кийин аны нөөмөттө турган кызматкер дезинфекциялай турганын айдоочулар айтып беришти. Ошондой эле алар бир каттамга чыгып келкенден кийин санитайзер дээрлик түгөнүп жатканын белгилешти. Аны толуктап туруу айдоочулардын мойнунда.

Айдоочулар бүгүн жүргүнчүлөр аз болгонун кошумчалашты. Аны дем алыш күнү, карантинге байланыштуу элдин көбү айыл жергесинде жүргөнү, ишканалар жаңыдан ачылып көбү шаарга келе электиги менен байланыштырышат.

Коомдук транспорт менен бараткан жүргүнчүлөрдү кепке тартуу аракетимден майнап чыккан жок. Көбү «жөн эле койгулачы, тынч жашайын» деп баш тартышты.

Бишкек шаары. Сүрөт: Расул Үсөналиев

Ойго салган түшүнүксүз жагдайлар

Буга чейин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев автобус, коомдук транспорттор кабыл алынган эрежелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келерин эскерткен.

«Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт. Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык», — деп түшүндүргөн ал.

Ошондой эле министрликтен санитардык талаптардын сакталышына транспорттук компаниянын жетекчилиги жооп берет деп кабарлашкан. Ал эми Үсөнбаев коомдук транспорттогу эң маанилүү эрежелердин бири — бул 1,5 метрлик аралыкты сактоо деп белгилеген. Ошол эле учурда транспортто канча орундук болсо ошончо киши түшүүсү зарылдыгы эскертилди.

Бирок бул талаптардын жеринде аткарылышын ким көзөмөлдөй турганы азырынча түшүнүксүз. «Клооп» айдоочуларга бул суроону узатканда аларга мындай буйрук расмий берилбегенин айтышты. Себеби мен түшкөн троллейбустун айдоочусу аялдамага токтогон учурда гана жүргүнчүлөрдүн кирип-чыгышына көз салып жатты.

Бирок социалдык аралыктын сакталышын, жүргүнчүлөрдүн санын көзөмөлдөгөн адам болгон жок. Балким бүгүн жүргүнчүлөр аз болгондуктан бул маселе актуалдуу эмес болгондур. Бирок эртеңден баштап иш күнү болгону үчүн ары-бери каттагандардын саны көбөйүшү мүмкүн. Ал эми талаптардын аткарылышына байкоо салуу үчүн атайын кызматкер дайындалабы же бул иш айдоочуларга жүктөлөбү азырынча белгисиз.