«Маалыматты элден жашырып жаттыңарбы?» Депутат Акаевдин Башкы прокуратурага суроолору бар

Башкы прокуратура менен депутат Жанар Акаев бири-бирине сын айтты. Өткөн күндөрү ведомство саясатчыны «укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы ишинин жыйынтыктарын өзүнө ыйгарып алгысы келип жатат» деп айыптаган.

Буга жооп ирээтинде депутат Башкы прокуратурага даректеп видеокайрылуу жаздырган — көрсө анда укук коргоо органдарына суроолору көп экен жана ал жоопторду күтүүдө.

Иштин жыйынтыгын ыйгарып алды

Мурдараак депутат Жанар Акаев парламентте радио жыштыктары сатылгандыгына байланыштуу иш боюнча айтып чыккандан кийин мурда Мамлекеттик байланыш агенттиги (МБА) тарабынан чыгарылган буйруктар жокко чыгарылып, мындан тышкары, өлкөгө беш млрд сом кайтарылаарын билдирген.

Башкы прокуратура саясатчынын билдирүүсүн төгүндөөгө шашылды — келтирилген зыяндын суммасын аныктала электигин, бирок радио жыштыктар тууралуу иштин үстүндө Акаевдин айтканына чейин бир ай мурда башталган.

«Депутат Акаевдин жыштыктарды кайтаруу жана МБАнын мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгаруу жолу менен мыйзамдуулуктун калыбына келтирилишине бир да тиешеси жок», — деп билдирген башкы прокуратура. Анткен менен ведомство депутатты укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы ишинин жыйынтыктарын менчиктеп алгысы келип жатат деп айыптаган.

Суроолор бар

Башкы прокуратуранын сын-пикирине жооп иретинде депутат дагы бир нече суроо узатты.

«Башкы прокуратура жооп бериптир: жыштыктарды ордуна биз мурда эле кайтарганбыз, бул жерде Жанар Акаев биздин эмгекти менчиктеп жатат. Эми эмне үчүн ошону мурда айтып койгон жоксуңар? Эмне үчүн ал маалыматты жашырып жаттыңар? Же ушул жерде дагы премьер-министрдин аты аталгандан кийин күмөндүү жагдайда балким билинбей калышы мүмкүн деп маалыматты элден жашырып жаттыңарбы?» — деп суроо салат саясатчы.

Мындан тышкары, анда башка иштер боюнча да суроолору бар — депутатка кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына, бажыдагы аткезчилик жана Дача-СУ кыштагына кулаган учакка байланыштуу иш кандай жүрүп атканы кызык.

Акаев депутатты такталбаган маалыматтарды таратып жатат деп айыптаган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди да айланып өткөн эмес — саясатчы министрлер кабинетинин башчысын радио жыштыктарын сатууга тиешеси бар-жогун текшерүүнү суранган.

«Абылгазиев мен Жанар Акаевдин абийирине койдум дептир. Эгерде абийир жөнүндө сүйлөшө турган болсок, премьер-министр Абылгазиевдин тушунда маалыматтык коопсуздукту эске албай туруп жалаң казакстандык уюлдук операторлорго биздин жыштыктарды ит бекер бергени — бул факт. Ошонун айынан азыр беш адам түрмөдө отурганы да — факт. Жооп берип атышат алар. Ошол жооп берүү жакынкы күндөрү жогорку деңгээлдеги кызмат абалдарына чейин жетет», — деген Акаев.

Радио жыштыктар иши

Радио жыштыктарга байланыштуу бир нече иш бар. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин отурумунда билдиргендей, учурда беш киши кармалган жаңы иштен улам эки жыл мурдагы ушундай иштер жанданган.

Акаев премьер-министрдин байланышы бар болушу мүмкүн деп жаткан жыштыктарды сатуу тууралуу иш боюнча Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги, «Ала ТВ» компаниясынын директорунун орун басары жана УКМКнын кызматкерлери кармалган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, «Ала-ТВ» компаниясы жыштыктарды 1998-жылы алып, андан кийин аларды Beeline компаниясына сатып салган.

Жанар Акаев билдиргендей, 200 МГц 700 сомго сатылып кеткен. Бааларды салыштыруу үчүн ал премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган деп мисал келтирген. Депутат премьер-министрден Мамбайланыш агенттигиндеги коррупцияга жана радио жыштыктардын сатылышында анын күнөөсү жок экенине далил талап кылган.

Абылгазиев бул айыптоолорго бардык маморгандарды радио жыштыктардын сатылышына байланыштуу түшүндүрмө берүүсүн сурандым деп жооп берип, ал эми депутатты «такталбаган маалыматты» таратып жатат деп айыптаган.

«Ал эми радио жыштык маселесинде менин күнөөм жок. Ким күнөөлүү болсо жоопко тартылсын», — деп билдирген Абылгазиев.

Анткен менен өкмөт башчысы тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн эмгек өргүүгө кетти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Абылгазиев радио жыштыктарын сатуу чуусунан улам кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетти