Абылгазиев радио жыштыктарын сатуу чуусунан улам кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетти

Өкмөттүн аппараты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштыктарынын сатылышы боюнча иликтөөгө байланыштуу эмгек өргүүсүнө кеткенин билдирди.

«Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм», — деп билдирди өкмөт башчысы.

Ошол эле кезде өкмөт башчысы жыштыктарды сатууга тиешеси жоктугун жана «мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын коргоп» жүргөнүн айтат. Абылгазиевдин айтымында, ал мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келген. Ошондой эле ал радио жыштыктарын ачык аукциондо сатууну сунуштаган.

Радио жыштыктары

Радио жыштыктарга байланыштуу бир нече иш бар. Алардын бири боюнча Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги, «Ала ТВ» компаниясынын директорунун орун басары жана УКМКнын кызматкерлери кармалган. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, бул иштин айынан эки жыл мурдагы иштердин, ошондой эле радио жыштыктарга байланыштуу иштердин иликтениши жанданган.

Депутат Жанар Акаев премьер-министр Абылгазиевдин радио жыштыктарынын «арзыбаган баага» сытылышына тиешеси бар болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын учурунда 200 МГц 700 сомго сатылууда деп айткан. Өкмөт башчысы болсо депутат Жанар Акаев «жалган маалымат» таратууда деп билдирген.

Депутат Рыскелди Момбеков эки жыл мурун болгон иш боюнча башка аткаминерди — президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетексичинин биринчи орун басары Нурбек Мамбетакуновду күнөөлөп жатат. Момбековдун айтымында, бул иштин айынан бюджетке 1,5 млрд сом түшпөй калган.

Абылгазиев менен Мамбетакуновду КТ «Мобайл» компаниясы байланыштырат. Момбековдун айтымында, Мамбетакунов компания жетектеген (жетекчилигинде Нурбек Мукамбетов көрсөтүлгөн), ал эми Абылгазиев — компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев менен туугандык байланышта болгону үчүн аз жерден кызматынан ажырап кала жаздаган.