Нарын облусунда эмне үчүн COVID-19 жуктургандар көп болуп атканы айтылды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-майда парламенттин жыйынында Нарын облусунда COVID-19 менен ооругандардын интенсивдүүлүгү жогору болуп атканына байланыштуу үч себепти атады.

Биринчиси — облустун жетекчилиги тарабынан өз убагында жетиштүү координация болгон эмес.

Экинчиси — жуктургандар менен байланышта болгондорду өз убагында обочого алуу боюнча ыкчам аракеттер жүргүзүлгөн эмес.

Үчүнчүсү — медкызматкерлер жана ОИИБдин кызматкерлери маселеге жоопкерчиликсиз мамиле кылышкан.

Каратаев COVID-19 жуктургандарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп атканын кошумчалады. Анын айтымында, өкмөт үч айылды — Ак-Кыя, Көк-Жар, Баетов — курчоого алып, коронавирус инфекциясын жуктургандар менен байланышкандардын бардыгынан анализ алган.

Коронавируска каршы күрөш начар болуп аткандыктан өкмөт башчысы Нарын облусунун ыйгарым өкүлү Эмилбек Алымкуловго жана анын орун бсары Касен Асизовго «коронавирус инфекциясына каршы күрөш боюнча иш жетиштүү эмес болуп атканы үчүн» сөгүш жарыялады. Соцблокту тескеген орун басарды жумуштан бошотуу сунушталды.

Ошондой эле Республикалык штаб Нарын облустук ооруканасынын башчысы Айбек Койчумановду, анын орун басары Анара Калманбетованы жана облустук ҮМБнын директору Муратбек Алияскаровду кызматтарынан бошотуу маселесинк карап жатат.

Нарындагы коронавирустун жагдайы

Нарын облусунда аймакта жашаган калктын санына карата жуктургандар менен байланышта болгондордун саны эң эле көп болуп атканы катталган. 27-майга карата Нарын облусунда коронавирус жуктуруунун 297 учуру аныкталган.

25-майда төрөт бөлүмүндө обсервацияда болуп аткан 20дан ашуун кош бойлуу аял эшиктин кулпусун бузуп, оорукананын имаратынан кетип калышкан. Кийинчерээк 22 аялдын ичинен 15 аялда коронавирус инфекциясы тастыкталган. Кош бойлуулардын бардыгы кайрадан обсервацияга жайгаштырылган.

Ошондой эле Нарын шаарынын биринчи вице-мэри да коронавирус жуктуруп алган. Мэриянын имараты дезинфекцияланып, үч күнгө жабылган.