Нарындагы бийлик өкүлдөрүнө сөгүш жарыяланды. Кээ бир аткаминерлерди иштен алуу сунушталды

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго жана анын биринчи орун басары Касен Асизовго коронавирустун облуста кескин жайылып, ага каршы жетиштүү чаралар көрүлбөгөнү үчүн сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 27-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим республикалык штабдын жыйынында кабыл алынып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев колдоду. Ошондой эле Алымкуловдун социалдык блокту тескеген орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.

Мындан тышкары жыйында Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановду, анын орун басары Анара Калманбетованы жана облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаровдорду иштен алуу сунушу берилди.

«Эпидемиологиялык абалды оңдоо үчүн облустун бардык мүмкүнчүлүгү бар болчу. Облустук төрөт үйүндө кырдаалды жакшырткан жоксуңар. Жаңы көз жарган аялдар ооруканадан чыгып кетүүгө аракет кылган учурларга жол берилди. Облус жетекчилиги толук киришпей, абалга тийиштүү көңүл бурбай койгон, ошондуктан бүгүнкүдөй статистиканы көрүп турабыз», — деди биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында.

Жыйынга катышкан ыйгарым укуктуу өкүл Нарын облусунда коронавирустун жайылышынын алдын алууда кемчиликтер кеткенин, айрым, анын ичинде кадрдык жана башкаруучулук маселелерди чечүүдөгү иштин жетишсиздигин мойнуна алды.

27-майга карата Нарын облусунда COVID-19дун жалпы 297 учуру катталган. Облус бул көрсөткүч боюнча өлкөдө экинчи орунда турат. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер жана милиционерлер бар.

Ал эми Кыргызстан боюнча коронавирус жалпы 1520 адамдан аныкталды — алардын ичинде 1043 адам илдеттен айыгып, 16 бейтап көз жумду.