Ош шаардык төрөт үйүндө коронавирусту 34 адам жуктуруп алды, алардын бешөө ымыркай

Материал саат 16:53тө жаңыртылды

Ош шаары. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Ош шаарында 28-майга карата коронавируска 35 адам чалдыкты. Жаңы учурдун 34ү шаардык төрөт үйүндө аныкталды — он беш медкызматкер, он төрт бейтап, беш ымыркай.

Алгач калаадагы перинаталдык борбордо коронавирус 12-майда медайымдан табылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполотов аталган медкызматкер ооруну Кара-Суу районунун жашоочусунан жуктурган болушу мүмкүн деп билдирген.

Медайымдан коронавирус аныкталгандан кийин 282 медкызматкерден, 253 бейтаптан ( 145 эне, 108 ымыркай), үйдө байланышта болгон 23 адамдан, 20-апрелден баштап төрөп үйүнө чыгып кеткен 162 аялдан ПЦР алынып обсервацияга жаткырылган. Алты сааттан кийин 13 бейтаптын анализи оң жыйынтык берген, калганы терс чыккан. Андан соң 25-майда экинчи жолку жасалган анализ 7 медкызматкерден Covid-19 аныктаган.

Жалпы аталган төрөт үйүндө коронавирус 55 кишиден табылды.

Буга чейин Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев 26-майда өткөн брифингде коронавирус илдети табылып жаткандыктан шаардык төрөт үйү жабык бойдон турганын айткан.

Ал эми шаарда 28-майга карата коронавирустун жалпы 177 адамдан табылды— анын ичинен 112си айыгып, 2 бейтап каза болду.