Лейлекте мунайды кайра иштетүүчү завод курулуп бүттү

Баткен облусунун Лейлек районундагы алты гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкананын курулушу аяктады. Курулушка жалпы 1,5 млн АКШ доллары жумшалган. 29-майда заводдун ишмердүүлүгү менен облус жетекчиси Алишер Абдрахманов таанышып чыкты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулованын айтымында, учурда курулуп бүткөн ишкана сыноодон өтүп жатат. Тесттен өткөндөн кийин расмий ачылышы болуп, ишке берилет.

«Бул ишкана толук ишке киргизилсе мамлекетке жылына 90 млн сом салык төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт жана 25 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орун менен камсыздалат», — деди Бердигулова.

Мындан сырткары басма сөз катчы ишкананы курууну жеке ишкер Нурбек Түркбаев демилгелеп, чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен биргеликте ишке ашырганын маалымдады. Ошондой эле, ишкана бир айда 2000 тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна көк май (солярка), 1000 тонна мазут өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин кошумчалады.

Баткен облусунун Бүргөндү жана Арка массивиндеги мунайдын запасы 1,9 млн тоннаны түзөт. Ишкерлер учурда «Кыргызмунайгаздын» Кайрагач участкасында бир айда өндүрүлгөн 1000 тонна жана жакынкы чет өлкөдөн алынып келинген 2000 тонна мунайды кайра иштетүүнү пландашууда.

Буга чейин быйыл 12-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 50гө жакын тургуну митингге чыгышкан. Тургундар көмүр кени аукциондо сатылып кетип, алар үч айдан бери жумушсуз калышканына даттанышкан. Жергиликтүү бийлик аталган жер аукциондо сатылганын тастыктап, кенди иштетүүгө коопсуз шарттар түзүлгөн соң ишкана ишин жанданта тургандыгын убадалаган.