Видео: Кызыл-Кыянын тургундары көмүр кенинин сатылып кеткенине нааразы

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 50гө жакын тургуну 12-майда митингге чыгышты. Тургундар көмүр кени аукциондо сатылып кетип, алар үч айдан бери жумушсуз калышканын айтышат. Кызылкыялыктар президенттен бул маселени чечип берүүсүн суранышты.

Тургундардын бири кайрылууда кенде иштеген миңдеген жумушчулардын үй-бүлөсү киреше булагысыз калышканын билдирген. Ошондой эле шахта тургундар документ жасатып бүткөнү калганда аукцион өтүп сатылганын белгилеген.

«Мындан үч жыл мурун иштеген жериңерге документ кылгыла дегенинен, үч жылдан бери чуркап жүргөм. Чоңдордон бирөөсү келип аралашып, аукциондо жок жерден баасын көтөрүп утуп кеткен», — деген кайрылуу жасаган тургун.

Ошондой эле ал аталган кенди Кызыл-Кыя эли 1990-жылдан бери иштетип келишкен деп кошумчалаган.

Митингде тартылган тасмадан дагы башка бир тургун кен Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караганын жана ал Кубаныч Султанов аттуу ишкерге сатылып кеткен деп айтканын көрүүгө болот. Ал элге көмүр шахтаны кайтаруу үчүн өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнө кат жолдогонун жана маселе каралып жатканын кабарлаган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова Кадамжай районунун Үч-Коргон токой чарбасынын аймагында жайгашкан Жинжиген көмүр шахтасы аукцион аркылуу сатылгандыгын тастыктады.

Анын айтымында, аукциондон «Инвест Премиум Компани» ЖЧКсы утуп, учурда аталган кенди иштетүү боюнча техникалык негиздемелеринин долбоорун иштеп жатат. Ал эми аукционду өкмөттүн Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча комиссия 2020-жылдын 24-январында өткөргөн.

«Буга чейин жарандар өздөрүнүн өмүрүн тобокелдике салып, мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн. Ал жер өтө кооптуу болгон. Буга байланыштуу кырсык да көп катталган экен. Мындан ары кенди иштетүүгө толук кандуу шарттар түзүлгөн соң жана коронавируска байланыштуу өлкөдө кырдаал турукташканда ишкана ишин жандантуусу күтүлүүдө», — деди Бердигулова.

Бердигулова ишсиз калышкан жумушчуларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады.

Мамлекеттик Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитенинин сайтында «Инвест Премиум Компани» ЖЧКсы Кадамжай районундагы «Кара Козу» тилкесинде көмүр казууга лицензия алганы маалымдалат. Жердин аянты 179 га түзөт. Кайсы айыл аймак экени жазылган эмес.

Аталган ЖЧК юстиция министрлигинен 2020-жылдын 17-январында кайра каттоодон өткөн. Анын жетекчиси Кубаныч Султанов деп көрсөтүлгөн. Ал эми компания өзү дүңүнөн сатуу боюнча иш кылаары жазылган. Бул ЖЧК боюнча жана Султанов тууралуу маалымат табуу дээрлик болгон жок.

Кыргызстанда 1991-жылдан 2019-жылга чейин кен тармагы боюнча 2415 лицензия берилген. Анын ичинен 337 лицензия көмүр кени үчүн берилип, 192си казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат алган.