Өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 1113кө жетти

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 25 бейтап айыкканын кабарлашты. Бишкек шаарында 15 жана Нарын облусунда 10 бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1113кө жетти — алардын арасында 247 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 30-майга карата коронавирустун жаңы 60 учур катталды — жалпы 1722 учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 593 адам жатат — алардын бешөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.