Түркия Саймаити боюнча маалыматтын ордуна ФЕТОчуларды кармап берүүнү талап кылды — ИИМ

Уйгур тектүү кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнүн жагдайын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны 2-июнда өттү. Ал жерде буга байланыштуу суроолор менен кошо Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы укуктук маалыматтарды алмашуу боюнча макулдашуу аткарылбай жатканы тууралуу да маселе козголду.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов буга түрк тараптын Кыргызстанга койгон «ФЕТО боюнча талаптары» себеп деп билдирди.

«Өз ара укуктук жардам боюнча келишим бар. Ошонун негизинде өтүнүч жибергенбиз. Акыркы убакта ФЕТО боюнча талаптарды коюп атышат. Террорчулук уюм дегенчи... “Ошонун өкүлдөрү силерде көбүрөөк жүрөт” депчи. “Ошолорду кармап бергиле” деп. Бизде ал террордук уюм эмес да. Ошол боюнча түшүнбөстүк бар. Прокуратурага материалдарды толук беришпейт. Биз да аткара албайбыз. Издөөдө жүргөн кылмышкерлерди экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратура менен келишим аркылуу чечилиши керек», — деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары оппозиционер Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамтөңкөрүш аракетине айыпталган.

Жүзөгө ашпай калган төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги миңдеген камакка алууларды жүргүзүп, жүздөгөн адамдарды ФЕТОго байланыштары бар деп соттогон. Ал эми Гүлен өзү мамлекеттик төңкөрүш уюштурбаганын айтып чыккан.

Азыр ал АКШда жашайт. Түркия бир нече жолу америка бийлигинен аны өткөрүп берүүнү талап кылып, бирок АКШ баш тартып койгон.

2017-жылдын март айына чейин лицейлер тармагы «Себат» деп аталып келген. Түркиянын бийлиги Кыргызстандагы лицейлердин жабылышын талап кылган.

Ошондо Кыргызстандын бийлиги лицейлер тармагын «Себаттан» «Сапатка» өзгөртүп, Түркия менен мамилени бузбаш үчүн директорлор кеңешинин курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн киргизген.

«Сапат» лицейлер тармагы 16 лицейден, «Ала-Тоо» университетинен жана төрт мектептен турат.