Аялына бензин чачып өрт койгон кишини 7,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты

Каракол райсоту аялына бензин чачып, өрт койгон кишини 7,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгырды. Бирок «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча ал 12,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек болчу.

Адвокат Эсения Рамазанова «Кактуска» курган маегинде судья мындай «жеңил өкүм» аркылуу «сот реформасына карай түкүрдү» деп билдирди. Ал жабыркаган тарап өкүмдү жогору инстанциядан даттанаарын кошумчалады.

«Эмне үчүн 15 жыл сурадык? Анткени бул [иш] кооптуу коомдук жол аркылуу — базарда жасалган.[Базарда] өрт башталып, башка адамдар жабыркашы мүмкүн эле. Кылмыш иши атайын кылынган: ал киши алдын ала май куюучу бекетке барып, бензин сатып алып, жолдон жип таап, тагыраагы даярданган. Анан ал бензин чачып, зажигалканы ыргытып качып кеткен», — деп айтып берди адвокат.

Анын айтымында, судьяны шектүү киши кезектеги кылмышын 2 жылга шартуу кесилген шартта болуп туруп жасаганы да ойлондурган эмес — анда ал аялына бычак менен тап берип, өлтүрөм деп коркуткан.

«Ал аны өлтүрөм деп коркуткан экен. Ал ошондо 4,5 жылга кесилип, бирок облустук сот өкүмдү өзгөртүп, шартуу эки жыл берген экен. Ошол шартуу мөөнөттүн ичинде ал ошол эле адамга карата өзгөчө оор кылмыш жасады. Ал эч кандай кечирим сурап, өкүнгөн жок. Бүгүнкү күнгө чейин коркутуулар болуп жатат», — дейт адвокат.

Шектүү тараптан кысым көрсөтүлүп, коркутуулар болуп жаткандыктан, аял дайыма жардам сурап кайрылган милицияга барып, тосмо арыз жазууда. Ал күйөөсү менен жарашканын жана ага карата эч кандай доосу жок экенин айтып берет.

Өлтүрүүгө жана өрттөөгө аракет кылуу

4-январда күйөөсү аялына бензин чачып, өрт койгон.

Натыйжада аялдын бети, колдорунун манжалары, курсагы жана эки бутунун саны күйгөн. Ал Ысык-Көл облустук ооруканасынын травмотология бөлүмүнө жаткырылган.

Милиция шектүү катары жабырлануучунун күйөөсүн кармап, ал тергөө жүрүп жаткан убакка ТИЗОго киргизген.

Тергөөнүн жүрүшүндө аял тосмо арыз жазган, бирок кийин тосмо арызды жубайынын кысымы менен жазганын мойнуна алган.

2020-жылдын башынан тарта милиция күйөөсүнүн колунан ажал тапкан жана күйөөсү жубайынын өмүрүнө кол салган аракеттери тууралуу улам-улам кабарлап келет. Ушундай окуяларды ЖМКлар дээрлик ай сайын маалымдап келишет, бирок бул эл арасында таралган гана учурлар.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2019-жылы республика боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 6145 факты катталган. Көп учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан аялдар жабыркаган — 5659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсеге аз — 486.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт: