Адам уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы 5-июнда Сокулук районундагы Күн-Туу айылынан алыс эмес жерде адам уурдоого шектелген адамдар кармалганын маалымдады.

Милициянын маалыматы боюнча, ал июнь айынын башында Бишкектин базарларынын биринен эркек киши уурдалганы боюнча кабардар болгон. Укук коргоо органдары билдиргендей, ал мурда соттолуп чыккан, шектүүлөр аны жазалайын дешкен.

«Ыкчам топ жүргөн жерлерин аныктап, шектүүлөрдүн мыйзамга каршы аракеттерин жасап атканда үстүнөн чыгышкан. Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусунун тургундары эсептелген төрт адам кармалды. Буга чейин алар бир нече жолу соттолушкан, алардын бирөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат», — деп билдиришти ИИМден.

Уурдалган адам катуу токмоктолгон, анын жаракаттары оор деп бааланып, ал ооруканага жаткырылган.

Кармалган төрт адам убактылуу кармоочу изоляторго киргизилди. Бул факт КЖБРге «Адам уурдоо» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки иликтөө иши жүрүп жатат.