Талдыксай тилкеси. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Клооп
Бердибай Примов

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Социализм (мурдагы Мады) айылынын тургундары «Улан-Чи» кыш заводунун ишине нааразы болушууда. Алардын айтымында, өндүрүшкө каттаган оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп жатат. Ошондой эле, кыш жасоо үчүн завод жайыттагы топуракты казып алып жаткандыктан жер оюлуп, аң-чуңкурлар пайда болууда дешет.

«Улан-Чи» жоопкерчилиги чектелген коомун алгач депутат Улан Примовдун атасы Бердибай Примов негиздеген, кийин компания кайра каттоодон өтүп анын эжеси Клара Примова жетекчиси болуп дайындалган. Бирок депутаттын акыркы төрт жылдагы декларациясында тең аталган ишкана көрсөтүлгөн эмес. Туугандарына таандык мүлк катары Lexus RX 400 жана Honda Jazz унаалары гана жазылган.

Примовдор Кара-Суудагы Талдыксай тилкесинде кыш өндүрүүгө лицензияны 2009-жылы 20 жылдык мөөнөткө алышкан. Ошондой эле учурда «Улан-Чи» ЖЧКсына удаа ушул аймактан эле кум жана шагыл иштетүүгө да лицензия берилген.

Таалайбек Маматкаримов

Тургундардын бири Таалайбек Маматкаримов Примовдор жайытты колдонууга уруксат алганга чейин алар мал-жандыктарын жайып тиричилик кылып келишкенин айтат. Ал эми акыркы он жылда жайыт жерлер оюлуп, ага мал гана эмес адамдар да түшүп кетип жатышат дейт.

«Биз он жылдан бери ушул кыш заводду жаба албай келебиз. Башында бизден чоң камаздар өтпөйт деп убада беришип, уруксат алып кетишкен, азыр ошол талаптар аткарылбай жатат. Жолдорубузду, мал бакчу жайыттарыбызды оюп салышты», — деди Маматкаримов.

Башка бир тургун Чыңгыз Модалиев завод ээлери оюлган жерлерге кайра топурак төгүп калыбына келтирип, жергиликтүү бийлик заводго тиешелүү жердин аймагын тактап беришин каалайт. Ошондой эле, ишкана өз аймагын тосуп алса дейт.

Тургундар депутат Улан Примовго аталган маселе боюнча бир нече жолу кат жазышкан, бирок жооп келген эмес. Эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн тургундар оор жүк ташуучу унаалар өтчү жолду тосуп алууга аргасыз болушкан. Учурда унаалар заводго башка жол менен катташат, бирок жайыттардан топурак казып алуу улантылууда.

«Жол тосулганына ашып кетсе бир жума болду, ага чейин жолдун боюндагы канчалаган үйлөрдө жарака кетти», — деп кейиди жашоочулардын бири.

«Улан-Чи» кыш заводу айыптоолор менен макул эмес

Сабыры түгөнгөн Социализм айылынын тургундары нааразычылык билдирип 31-майда чогулушкан. Алардын алдына компаниянын өкүлү чыгып элдин талабын жетекчиликке жеткирүүнү убадалаган.

Абдимитал Бердиев

Ал эми ишкананын жетекчисинин орун басары Абдимитал Бердиев «Турмуш» басылмасына жергиликтүү тургундардын койгон айыптары жүйөөсүз деп билдирген. Анын пикиринде жолду ишкананын жогорку жагындагы шагыл заводго каттаган оор жүк ташуучу унаалар бузуп жатат.

«Айылдын айрым тургундары “топуракты казып кетти, жайыт жерибизди бузду” деп жатышат. Кыш заводдун аймагындагы топурактын катмары 5-6 метрди гана түзөт. Андан аркы катмарынан жалаң шагыл чыгат. Анан аталган айыл аркылуу биздин оор жүк ташуучу унаалар аз жүрөт. Биздин техникалардан сырткары жүздөгөн жеке адамдардын жүк ташуучу унаалары ошол жол аркылуу каттайт», — деген ал.

Ошондой эле Бердиев элге ишкана тарабынан ар кандай жардамдар көрсөтүлүп тураарын айткан. Буга завод 100 үй-бүлөгө таза суу чыгарып бергенин мисал кылды.

Ал эми Кара-Суу райондук экотехинспекциясынан заводдун ишмердиги «мыйзамдуу» деп билдиришти. Ошол эле учурда мекеменин башчысы Адилет Мокеев 2020-жылда 2 жылга ишкерлердин жумушун текшерүүгө тыюу салынган мораторий киргизилгендиктен заводду текшере алышпасын белгиледи.

«Жакшыбы-жаманбы мыйзам экен, ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн ушундай мыйзам кабыл алыныптыр. Бирок булардын лицензиясы бар. Анча мынча катачылыктары бар экен эле 50 миң айыппул төлөшүп, баарын ордуна келтиришкен. Казылуучу аймагы такталган», — деди Мокеев.

Экотехинспекциянын башчысы жайыт жерине лицензия берүүгө болоорун кошумчалап, ал эми чыгып жаткан көйгөй эл менен ишкердин ортосунда жөнгө салынчу маселе дейт.

Примовдун жүк ташуучу унаалары

«Ош-Пирим-Транс» ЖЧКсынын унаалары. Сүрөт: «Т-Медиа» басылмасы

Бул депутатка караштуу жүк ташуучу унааларга нараазычылык болгон биринчи учур эмес. Өткөн жылдын ноябрь айында активист Улукбек Карыбек уулу Примовдун жүк ташуучу унаалары Ош — Сарыташ — Карамык жолун «жараксыз абалга» келтирип жатканын айтып чыккан. Анда Примовго тиешелүү «Ош-Пирим-Транс» ЖЧКсынын 150дөй оор жүк ташуучу унаа Алай районунун Сары-Могол айылындагы кенден көмүр ташыганы айтылган. Аталган компания Улан Примовдун атасы Бердибай Примовго катталган.

Мындан сырткары Бердибай Примовго «Пэрити Коал» жана «Пэрити коал Юг» ЖЧКлары таандык — экөө тең 2014-жылда башка даталар менен катталган. Алардын бири түштүк тарапта деп белгиленген. Бул ишкана да Примовдун декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

«Клооптун» журналисттеринин Примов менен байланышууга жасаган аракетинен майнап чыккан эмес. Бирок ал басылмалардын бирине «мындай маселелерге реакция кылбасын» айтып, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Социализм айылындагы маселе боюнча да Примов менен байланышууга кайрадан мүмкүн болгон жок.