Активист депутат Примовдун жүк ташуучу унаалары жолду бузуп жатканын айтууда. Эмне белгилүү?

Сүрөт: «Т-Медиа» басылмасы

Активист Улукбек Карыбек уулу «Т-Медиа» басылмасына депутат Улан Примовдун оор жүк ташуучу унаалары ченемден ашыкча жүк ташып, Ош — Сарыташ — Карамык жолун «жараксыз абалга» келтирип жатат деп билдирген.

Анын басылмага берген маалыматында, Пиримовго тиешелүү 150дөй оор жүк ташуучу унаа Алай районунун Сары-Могол айылындагы кенден көмүр ташыганы айтылат.

«Бул барыш менен жакынкы эки-үч жылда Ош — Сарыташ — Карамык жолу толук жараксыз абалга келиши мүмкүн. Эртең ошол жолдон Улан Примов эмес, бүтүндөй Чоң-Алай, Алай райондорунун эли каттайт. Ал жакта көмүр бүткөндөн кийин Улан Примов басып деле барбайт», — деп айткан Карыбек уулу.

Активист кабарлагандай, аталган жол менен ченемден ашыкча жүк Кытайдан Тажикстанга ташылып жатат. Ал мыйзамсыз аракеттерди ачып көрсөтүү максатында видео иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалаган.

Ош аймактык автотранспорт башкармалыгынын жетекчиси Эмил Умаров «Клоопко» активисттин айткандарын төгүндөдү.

«Негизи Улукбек Карыбек уулу тиешелүү адис же жол куруучу болбогондон кийин антип айтканы туура эмес. Жолдун абалынын кандай экенин тиешелүү адистер гана биле алат да, азырынча [активисттен башка] эч кимден нараазычылык түшө элек», — деди Умаров.

Умаровдун айтымында, учурда Алай тарапта үч кен иштетилүүдө. Алардын ичинде Улан Примовдун атасынын атындагы көмүр карьери да бар. Ал жакка күнүнө жүздөгөн оор жүк ташыган унаалар каттагандыктан анын баары Примовго караштуу эмес.

«Жаңы мыйзам боюнча, жүк ченемден ашса жүк ташуучу жолго келтирген зыянды төлөп берет. Ал эми мурда штраф салынчу, азыр андай эмес», — деп кошумчалады Умаров.

Депутат Примовдун атасы Бердибай Примовго «Ош-Пирим-Транс» ЖЧКсы катталган. Коом жүргүнчү ташуу жана жүк ташуу менен алектенет. Материал жарык көрөөр алдында парламентарийден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ош — Сарыташ — Карамык жолунун узундугу 300дөн ашуун километрди түзөт. 2018-жылы Транспорт жана жол министрлиги билдиргендей, Кыргызстан жолдорду оңдоо үчүн 1996-жылдан баштап 2,5 млрд насыя жана грант алган.

Редактору: Элдияр Бакиров