Депутат Тиллаев Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунда 44 млн сом коротулганын текшерүүнү өтүндү

4-июнда «Кесиптир бирликтер жөнүндө» мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда депутат Таабалды Тиллаев мамлекет Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна (ЭДФ) бөлүп берген 44 миллион сомдун коротулганы боюнча маселени көтөрдү. Депутат бул акча кайда коротулганын түшүнбөөрүн билдирип, өкмөткө текшерүү ишин өткөрүүнү тапшырды.

Тиллав бөлүнгөн каражаттар Фонд тарабынан Кыргызстандын үч санаторийине берилгенин, бирок карантин маалында алардын бардыгы жабык болгонун айтат.

«17 миллин сом “Көгүлтүр Исык-Көл” санаторийине, 12 миллион сом Жалал-Абаддык курортуна, 9 миллион сом “Ысык-Ата” курортуна бөлүнүп кетиптир. Карантин маалында бардык курорттук аймактар жана санаторийлер жабык болгону менен бул каражаттар кайда сарпталганы түшүнүксүз», — деп билдирди депутат.

Ал мамбюджеттин каражаттары максатсыз колдонулганы тууралуу маалыматтарды алып атканын, ал эми акча каражаттарын бөлүп берүү процесси «ыйгарым укугу жок адамдардын» колу менен «мыйзамсыз» болгонун айтат.

Депутаттык комиссия өкмөткө бир апта ичинде бул маалыматты текшерип, кийинки жыйынга даяр отчёт менен келүүнү тапшырды.

ЭДФ эмне иш кылат?

ЭДФ (Эмгекчилердин ден соолук фонду) Кыргызстандын мамлекеттик эмес профсоюздар федерациясынын (КПФ) түзүмүнө кирет. Ал мамлекетке таандык эмес уюм.

ЭДФ түшкөн акчаларды КПФга таандык санаторий-профилакторийлерге жолдомо сатып алууга коротот. КПФга караштуу курорттор: «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Ысык-Ата», «Жалал-Абад» жана башкалар.

Иштеп жана салык төлөгөн ар бир кыргызстандык ай сайын өз маянасынан 0,25% Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна (ЭДФ) төгөт. Төгүм кылгандардын бардыгы мындай жолдомо алууга укуктуу, бирок иштегендер бул жөнүндө билбей деле калышат.

ЭДФтин иши талаш жаратат. Депутаттар, мамлекеттик органдар жана бизнес коомчулугу бир нече жолу аны жоюу керектиги боюнча маселе көтөргөн. Алар ЭДФтин иши мыйзамга каршы келет, ал эми фонд өзү түшкөн акчаларды ачык-айкын сарптабайт деп эсептешет.

Ал эми Профсоюздар федерациясында өлкөдө азыр КМШ боюнча эң эле аз маяна сакталып турган кезде ЭДФти жойбош керек деп эсептейт. Ал эми бийлик эмгекчилерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен эс алууга же ден соолукту чыңдоого жөнөтө албайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сиз маянаңыздын бир бөлүгүн эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна төгөсүз. Сиздин акчаңыз кайда кетет?