Иштеп жана салык төлөгөн ар бир кыргызстандык ай сайын өз маянасынан 0,25% Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна (ЭДФ) төгөт. Бул акчалар санаторийлерде эс алуу жолдомосуна каржыланат. Жолдомолорду профсоюздар же кесиптик бирикмелер аркылуу бөлүштүрүшөт. Төгүм кылгандардын бардыгы мындай жолдомо алууга укуктуу, бирок иштегендер бул жөнүндө билбей деле калышат.

Кыскача

  • Мамлекетке салык төлөгөн ар бир эмгекчи жаран даарыланып же эс алуу үчүн санаторийлерге жолдомо алууга укуктуу.
  • Жолдомонун акчасын жумуш берүүчүлөр же эмгекчилер өздөрү төлөшөт. Мыйзам боюнча, алар маянасынан 0,25% ЭДФке бөлүп турушу керек, андан соң фонд санаторийлерге жолдомону Кыргызстандын профсоюздар федерациясы аркылуу бөлүштүрөт.
  • ЭДФтин иши талаш жаратууда. Депутаттар, мамлекеттик органдар жана бизнес коомчулугу бир нече жолу аны жоюу керектиги боюнча маселе көтөргөн. Алар ЭДФтин иши мыйзамга каршы келет, ал эми фонд өзү түшкөн акчаларды ачык-айкын сарптабайт деп эсептешет.
  • Профсоюздар федерациясында өлкөдө азыр КМШ боюнча эң эле аз маяна сакталып турган кезде ЭДФти жойбош керек деп эсептейт. Ал эми бийлик эмгекчилерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен эс алууга же ден соолукту чыңдоого жөнөтө албайт.

Кененирээк

Сиздин маянаңыздан алынган салык кайда кетет?

Ар бир кыргызстандык жумушчу Социалдык фондго салык жана камсыздандыруу төгүм төлөөгө милдеттүү. Муну кадимкидей эле тартипте кызматкер уюм менен эмгек келишимин түзүп жатканда же жеңилдетилген схема боюнча, патент же социалдык камсыздандыруу полисин сатып алып жатканда алса болот.

Сиз бул схемалардын кайсынысы боюнча төгүм жана салык төлөп жатканыңызга карабастан, маянаңыздан 0,25% ЭДФке кетет. Эгерде сиз бул акчаны төлөбөй калсаңыз, анда сизге штраф салынат. Себеби бул милдеттүү төгүмдөр болуп саналат.

Бул көйгөйлөр ойлондурбай койбойт. Анткени ЭДФ — ар бир салык төлөөчү төгүм кылган Пенсиондук фонд же Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна караганда мамлекеттик эмес уюм.

ЭДФ — өз алдынча иш жүргүзгөн уюм эмес. Ал мамлекеттик эмес Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын (КПФ) түзүмүнө кирет.

ЭДФ түшкөн акчаларды КПФга таандык санаторий-профилакторийлерге жолдомо сатып алууга коротот. КПФга караштуу курорттор: «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Ысык-Ата», «Жалал-Абад» жана башкалар.

ЭДФке канча акча түшүп турат?

ЭДФтин бюджетин жыл сайын парламент бекитет, ага каражатты бардык камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан Социалдык фонд которот. 2016-жылы ЭДФтин бюджети 220 млн сомдон ашуун каражатты түзүп, ал эми 2017-жылы ал 240 млн сомдон ашкан.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, КПФ 2010-жылдын июль айынан тарта 2017-жылдын декабрына дейре ЭДФ аркылуу 1,5 млрд сом алган.

ЭДФтин каражаттарын профсоюздар федерациясы тейлейт жана бул каражаттардын негизги бөлүгү курорттук ден соолук чыңдоого жана эмгекчилердин эс алуусуна кетет. Мындан тышкары, фонддун болжолдуу 1% ы административдик чыгымдарга кетет.

Ден соолукту чыңдоо фонду 2009-жылы Каржы министрлигинин жана Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын демилгеси боюнча түзүлгөн. Өкмөт 2015-жылга чейин эмгекчилерди ден соолукту чыңдоо коплекстерине мамлекеттин эсебинен жөнөтүп турган. Бирок бюджетте каражат жетишпегендиктен бул схемадан баш тартууга туура келген.

Ал эле эмес Каржы министрлиги да жолдомону мамлекеттик сектордо иштеген жарандар үчүн гана төлөп берүүнү сунуштаган. Профсоюздар буга каршы чыккан. Эмгекчилердин маяналарынан 0,25% чогултуп, бул акчаны жолдомо сатып алуу үчүн ЭДФке жөнөтүп турууну чечкен.

Негизи жолдомолорду эмгекчилердин төгүмдөрүнүн эсебинен сатып алуу схемасы 1993-жылдан бери иштеп келет. Ал учурда эмгекчил жарандардын ден соолугун чыңдоого каражатты Социалдык фондго караштуу Камсыздандыруу фонду чогултуп турган. Ар бир жумуш берүүчү жана салык төлөөчү ага маянасынан 1% которууга милдеттүү.

Жолдомону кимдер ала алат?

Негизинен азыр санаторийлерге жолдомо профсоюздун мүчөлөрүнө берилет. Кыргызстанда алардын саны 700 миңден ашат. Бирок Кыргызстанда эмгектенгендердин бардыгы эле профсоюзга кирбейт.

ЭДФ ден соолукту чыңдоо санаторийлерине жыл сайын 7 000 жолдомо таратат. Ошондо ар бир жолдомого профсоюзга кирген 100гө чукул адам талапкер болуп алат.

Ошентсе да КПФнын ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Абдыбекованын айтымында, салык төлөгөн ар бир жумушчунун жеңилдик жолдомосун алууга укугу бар. Ал үчүн федерацияга арыз жазып, паспорттун жана иштеген жердин аныктамасынын көчүрмөсүн берүү керек.

«Эгерде сиз жеке уюмда иштесеңиз, анда сиздин жумуш берүүчү Социалдык фондго 0,25% кошуп салык төлөп жаткандыгы тууралуу аныктама алышыңыз керек. Санаторийде же профилакторийде дең соолукту чыңдоо үчүн медициналык картадан көчүрмө керектелет», — деп түшүндүрөт Абдыбекова.

Профсоюздун ар бир мүчөсү жолдомо алат дегенди билдирбейт, анткени санаторийге биринчи кезекте төмөндөгү жарандар жөнөтүлөт:

• ден соолугун чыңдоого муктаж болгондор, аз камсыз же көп балалуу эмгечилер (же алардын үй-бүлө мүчөлөрү);

• майыптыгы бар эмгекчилер;

• 18 жашка чейинки майып балдар;

• иштеп жаткан пенсионерлер.

Ош мамлекеттик университетинин экономика боюнча мугалими Эркин Абдразаков жана анын жубайы бир нече жолу профсоюздун берген жолдомосу аркылуу санаторийге барып келишкен. Анын баасына ден соолукту чыңдоо жана тамак-аш кирет.

Мурдагы жылы алар бир жолдомону экиге бөлүп «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийине барып келишкен. Абдразаковдун муундары ооруйт, ошондуктан ал санаторийге өз медициналык картасын көрсөтөт. Пансионатта ал негизинен баткак менен даарылоо, ингаляция алуудан өтүп, туздуу шахталарга жана минералдык чөмүлмөгө барат.

«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин бассейниндеги эс алуучулар.

«Жолдомо акысыз келбейт. Аны жарым-жартылай төлөйм. Жыл сайын баасы өзгөрө берет. Мисалы 3-4 миң сомго сатып алам. Негизги сумманы биздин окуу жайдын профсоюзу төлөйт [...] Эгерде сиз укалоо, фиточелек, массаж сыяктуу кошумча кызмат алууну кааласыңыз, анда алар кошумча акчага көрсөтүлөт», — деди Абдразаков.

Анын айтымында, азыр «Көгүлтүр Ысык-Көлгө» 10-12 күндүк жолдомого профсоюз болжолдуу 26 миң сом кетирет. Ал санаторийлерде ден соолукту чыңдоонун жана тамак-аштын сапаты 10 жыл мурункуга салыштырмалуу жакшыра баштады деп эсептейт.

«Кызматкерлер да көңүл буруп турат, анткени атаандаштык бар. Балким Көчмөндөр оюну менен чет элдик туристтердин агымы абдан көп болушу таасир эткендир», — деп эсептейт мугалим.

Ал эми «Көгүлтүр Ысык-Көлдүн» өзүндө тамак-аш менен чогуу бир сутка үчүн стандарттык бөлмөнүн баасы эки миң сомду түзөөрүн «Клооптун» кабарчыларына билдиришти.

ЭДФтин чыгымдары көзөмөлдөнбөйт

ЭДФ коммерциялык эмес уюм болгондуктан мамлекет салык төлөөчүлөрдүн акчасы кантип жана кай жакка кетип жатканын көзөмөлдөй албайт.

Мыйзамга ылайык, профсоюздар «мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка коомдук бирикмелер тарабынан көзөмөлдөнүп, аларга отчёт бербейт».

ЭДФ Социалдык фонддон акча алып жаткандыгына карабастан, соцфонд уюмдун чыгымдарын көзөмөлдөй албайт.

«Социалдык фонд ЭДФтин каражаттарынын сарамжалдыгын тескей албайт, акча каражаттарынын максаттуу пайдаланышына КПФ көзөмөл кылат. Социалдык фонд Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондусунун каражаттары боюнча КПФти текшерүүгө укугу жок», — деп айтылат Социалдык фонддун «Клооптун» кабарчыларына берген жообунда.

ЭДФти текшере алган жалгыз орган — бул Эсеп палатасы. Ал бир нече жолу жолдомолордун баасы кымбаттатылып, жолдомолор туура эмес бөлүштүрүлүп, андан тышкары, акчалар максатсыз пайдаланылып жаткандыгы туурасында билдирип чыккан.

Мисалы, палатанын 2014-жылга карата отчётунда жолдомолор эмгекчилерге медициналык картасыз жана врачтын кеңеши жок бөлүнүп турганы айтылган. Айрым учурда санаторийде жолдомо алуу үчүн арыз жазгандарга эч кандай тиешеси жок кичинекей балдар эс алышкан.

Ошондой эле, аудиторлор Профсоюздар федерациясы балдардын санаторийлеринин сезонго карата даярдыгын текшербегенин жана ден соолукту чыңдоо комплекстерине келишим түзбөй эле каражат бөлүп турганын аныктаган.

Аудитке ылайык, КПФ 2011-жылдын октябрынан тарта 2013-жылдын октябрына дейре ЭДФке эч кандай тиешеси жок профсоюздун кызматкерлеринин маяналарына 6,1 млн сом короткон.

2014-жылы профсоюздун алты кызматкери негизсиз маяна алып турган. КПФ аларга 1,4 млн сом сарптаган. Маяна алгандардын арасында КПФтин төрагасынын кеңешчиси Темирбек Жаналиев жана анын айдоочусу бар. Ошондой эле, КПФ Жаналиевдин авто унаасын оңдотуу үчүн акча төлөп берип, ага ден соолукту чыңдоо фондунун бюджетинен 153,2 миң сом коротулган.

«Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын көзөмөлү жоктугунан улам балдардын ден соолугун чыңдоону уюштуруу үчүн ЭДФтен бөлүнгөн каражаттар натыйжасыз жана максатсыз пайдаланылган», — деп айтылат Эсеп палатанын 2014-жылга карата жасалган отчётунда.

Андан тышкары, 2015-жылы аудиторлор балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлор менен келишим түзүүдө жолдомолордун баасы кымбаттатылышына жол берилгенин аныкташкан. Ошондой эле, жолдомолор жумуштан бошотулган федерациянын аппаратынын кызматкерлерине да бөлүнүп берилген.

«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийи Эмгекчилдердин ден соолугун чыңдоо фондуна таандык.

Аудиторлор кайрадан федерация ЭДФтен балдардын ден солугун чыңдоого бөлүнгөн акчалар «натыйжасыз» пайдаланган деп бүтүм чыгарган.

Анда ЭДФтен алынган негизсиз чыгымдар 1,1 млн сомду түзгөн. Акчалар КПФтин аппаратынын транспорттук чыгымдарына, Жаналиевдин жана анын айдоочусунун айлыгын төлөөгө жана техникалык эмгек бөлүмүн камсыздоого сарпталган.

«Аудит каражаттарды максатсыз пайдалануу парактикасы уланып жатканын көрсөттү. Ошол эле маалда КПФтин жетекчилиги тарабынан аудит жүрүп жаткан учурда эскертүүлөр этибарга алынбай жана аларды жоюу боюнча чаралар толук түрдө жүргүзүлгөн эмес», — деп айтылат отчётто.

2016-жылга карата аудит кайрадан эле жогоруда айтылган эреже бузууларды аныктаган. Отчётко ылайык, бир эле борбор менен ар кандай баада келишим түзүлүп, ошондон улам «ЭДФтин каражаттары негизсиз жана сарамжалсыз ашыкча чыгымдалып кеткен».

«Федерация тарабынан чоң кишилер менен кичинекей балдар үчүн жолдомолордун чыныгы баасынын тууралыгын, материалдык-техникалык базанын абалын, ден соолукту чыңдоочу борборлордун жайкы сезонго даярдыгын жана тамак-аш берүү системасын аныктоо көзөмөлдөнбөйт», — деп айтылат 2016-жылга карата аудиттин отчётунда.

ЭДФти жоюу

ЭДФтин жоюлушу үчүн чыгып жаткан парламенттин депутаты Дастан Бекешев Эсеп палатасынын байма-бай текшерүүсүнө карабастан КПФтин жетекчилери үчүн эч кандай кесепет болбой калды деп эсептейт.

«Премьер-министр Профсоюздар федерациясынын жетекчисине сөгүш да жарыялай албасын белгилеп коюу керек. Тилекке каршы, финансылык эреже бузуулар аныкталган күндө деле профсоюздардын жетекчилерин административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартуу кыйын», — деп жазган ал 2015-жылы өз сайтында.

Бекешев ЭДФтин жоюу үчүн чыгып атканын «Клооптун» кабарчыларына курган маегинде айтып берген, анткени ал жактагы акча эмгекчилердин ден соолугун чыңдоого эмес, КПФтин жеке менчигиндеги санаторийлерди камсыздандырууга кетип жатат.

«Профсоюздар [ЭДФ аркылуу] адамдардан акча алып, аны өзүнүн санаторийлери менен пансионаттарына жумшайт. Ошол эле учурда алардын мекемелеринин [абалы] жакшырып кеткен жок. Мындайча айтканда, алар өз пансионаттарын, рекреациялык курорттук аймактарын колдоп туруу үчүн акча чогултушат», — дейт ал.

Эсеп палатасынын аудиттерине ылайык, федерациянын пансионаттары таап аткан каражаттын 40% ашууну Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондусунан түшөт.

Бекешевдин айтымында, дагы бир маселе профсоюздар мамлекеттен көз каранды болуп жатканында, анткени алар бюджеттик каражаттарды колдонушат.

Жалпысынан ЭДФти жоюу маселеси бир нече жолу бизнес коомчулугу жана мамлекеттик органдар тарабынан да көтөрүлгөн.

Мисалы, Экономика министрлиги 2011-жылы Эмгечилердин ден соолугун чыңдоо фондусун кыскартуу маселесин демилгелеген. Анда ал ЭДФтин иши мыйзамга каршы келээрин айтып чыккан.

Бул карама-каршылык азыр да бар. Бюджеттик кодекске ылайык, мамлекеттик органдарга ыктыярсыз кайыр-садагалар түшкөн бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүгө тыюу салынган. Ал эми маянадан 0,25% — бул сиз баш тарта албаган милдеттүү төгүм.

«Социалдык фонд чогулткан камсыздандыруу төгүмдөрүн бул максаттарга (эмгекчилердин ден соолугун чыңдоого) коротуп, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун эсебинен кандайдыр бир фонддорду түзүүгө укугу жок», — деп айтылат Экономика министрлигинин сайтында.

Өкмөт 2015-жылы ЭДФти жоюу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген, бирок анда эл өкүлдөрү долбоорду жактырбай коюшкан.

Бизнес коомчулук фонддун жабылышын колдойт, анткени ал ЭДФти «натыйжасыз түзүм» деп эсептейт. Ишкерлер фондго төгүмдөрдү — бул бизнеске жана эмгекчилерге кошумча финансылык жүк деп түшүндүрүшүүдө.

«Эмгекчилердин бардыгына жүк артууга болбойт, бул профсоюзда мүчө эмес ишкердин бардыгы бул нерседен эч кандай пайда таппайт. Айлык алган ар бир адам бул суммадан 0,25% пайыз төлөйт. Миллиондогон адам төлөйт, ал эми анын жемишин тар чөйрө алат», — деп билдирген «Салык кеңешчилер палатасынын» аткаруучу директору Улук Кадырбаев.

Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Сүйүнбек Сырдыбаев да фондго карата төгүмдөр жумуш берүүчүнүн мойнуна жүк болуп жатканын, ал эми кызматкер бул акчаны көрбөйт жана качандыр бир күнү жолдомону пайдаланып калаары да күмөн деп эсептейт.

«Эгерде мамлекет Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун жоюуп салса, анда профсоюздар ири өлчөмдө акчадан кур жалак калат — бул 200 млн сомдон ашуун акча. Бул деген чоң акча да, ал негизинен КПФга гана жана анын бактысыз санаторийлерине коротулуп жатпайбы», — деп эсептейт ал.

КПФ эмне деп жатат?

Профсоюздар федерациясында Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондусунун бар болгону «эч бир мыйзамга каршы келбейт» деп эсептешет.

КПФнын төрагасынын кеңешчиси Темирбек Жаналиев мамлекет ЭДФти жойбойт деп түшүндүрдү, анткени Кыргызстанда маяна абдан аз.

«Эл эс алып, ден соолугун чыңдап, балдарын ден соолукту чыңдоочу лагерге жөнөтүшү керек. Ошондуктан бизде ЭДФ бар, ал эми биз [профсоюздар] аны жойдурбоого аракет кылуудабыз. Эгерде [жумуш берүүчүлөр менен мамлекет] айлык маянаны жакшыртып бере албаса, анда адамдар ден соолугун чыңдап, эс алышы үчүн Соцфондго 0,25% пайыз которуп берип турушсун», — деп эсептейт Жаналиев.

Ошондой эле, ал профсоюздар федерациясында бүткүл Кыргызстан бою уникалдуу санаторий-профилакторийлердин түйүнү бар экенин айтууда. Анын айтымында, ал жакта жүрөк, ашказан, кан-тамыр жана муун ооруларынан даарыланып кетсе болот. «Кыргыз жээги» же «Аврора» сыяктуу жеке пансионаттарда мындай кызматтардын баасы бир жарым же эки эсе жогору.

Жаналиевдин айтымында, Кыргызстанга ЭДФ керек, анткени эмгекчилердин көпчүлүгү эле акча топтоп, ден соолукту чыңдоочу санаторийге жолдомо сатып ала албайт.

«Биздин жолдомолор жеке жактардыкына салыштырмалуу арзан, ал эми бул эмгекчилердин көпчүлүгүн камтуу. Биздин жөнөкөй элге көлгө түшүп, тамак-аш жеп, жакшыраак уктап эс алып кетүү эле керек. Ал эми жеке мекемелерде өтө эле кымбат. Ошондуктан бизге мамлекет кызыктар», — дейт ал.

Анын айтымында, ЭДФти жоюу маселесин жеке бизнес гана көтөрүүдө.

«ЭДФтин айынан улар кирешенин жарымын жоготушууда, ошондуктан алар буга каршы чыгууда. Бирок алар КМШ эң эле аз маяна Кыргызстанда экенин унутууда [...] Бизде жашоонун деңгээли абдан төмөн. Ошондуктан эмгечилер менен алардын балдарын эс алуудан ажыратуу — күнөө», — деп эсептейт Жаналиев.

Андан тышкары, ал КПФнын түзүмдөрү Кыргызстанда кеңири жайылганын, ошондуктан жолдомолорду дал ошол профсоюздар аркылуу бөлүштүрүү оңой экенин түшүндүрдү. Бул ишти 9 000 адам акысыз негизде аткарат.

«Эгерде мамлекет жолдомолорду бөлүштүрүү милдетин өзүнө алса, анда ал облусттук жана регионалдык мекемелери бар өзүнчө министрлик түзүүгө аргасыз болуп калмак. ЭДФтин бюджетинин жарымы эле бул түзүмдү камсыздоого кетип калмак», — дейт Жаналиев.

Ал КПФнын ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн жети кызматкери гана ЭДФтин бюджетинен маяна алаарын кошумчалап, ал эми профсоюздар жолдомолорду акысыз таркатышат.

КПФнын ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Абдыбекова федерация санаторийге жолдомонун баасын кымбаттаткан эмес, ал эми Эсеп палатасы тапкан бардык эреже бузууларды «жойгон» деп айтууда.

«Биз квартал сайын Соцфондго отчёт беребиз. Биз [автоунаа оңдотуш үчүн ЭДФтин каражатынан колдонгонбуз], бирок андан кийин бизде консультация болуп, ошол жерден мындай кылуу туура эместигин айтышты. [...] Алар болбойт деп билдиргенден соң биз акчанын ордун толуктап койдук», — деди Абдыбекова.

Авторлошу: Эмил Султаналиев