Депутат Бактыбек Райымкуловдун коммерциялык эмес уюмдарды (КЭУ) көзөмөлдөөнү катуулатуу жөнүндөгү мыйзам долбоору акыркы айларда эң көп талкууланган демилгелердин бири болду. Бул мыйзам өлкөдөгү 18 миңден ашуун коммерциялык эмес уюмдардын ишин кыйла татаалдаштырышы ыктымал.

Ал уюмдардын бардыгы элге жардам берип, айрым учурда мамлекеттин алы келбеген көйгөйлөрдү чечүүдө жигердүүлүгүн көрсөтөт.

Коммерциялык эмес уюмдар мектептердеги жана жогорку билим берүүдөгү кемчиликтерди толуктап, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана милициянын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарга жардам беришет. Шайлоонун таза өтүшүнө байкоо жүргүзүп, мамлекеттик органдардын ишине көз салышат.

Коронавирус пандемиясы жана өлкөнү күтүп жаткан өтө оор экономикалык кесепеттердин маалында дал ушул коммерциялык эмес сектор мамлекет менен биргеликте жардамга муктаж болгондордун бардыгына чоң колдоо көрсөтөт.

Бирок, эки айлык карантин келтирген кесепеттерди жоюу менен күрөшүүнүн ордуна Кыргызстандын парламенти аталган мыйзам долбоорду мүмкүн болушунча эртерээк кабыл алууга аракет кылып жатат. Ал мыйзамдын айынан КЭУ адамдарга жардамдашуу боюнча негизги жумушунан алаксып, отчёт берүү үчүн кошумча ресурстарды коротууга аргасыз болушат.

Райымкулов чет өлкөдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар донорлордон канча акча алып, кайда сарптаганы тууралуу өкмөткө деталдуу отчётту тапшырып турушун каалайт. Автордун ою боюнча, бул отчёт Юстиция министрлигинин алдындагы жаңы мамлекеттик порталда жарыяланып, аны бардыгы көрө алат.

Кыргызстандагы ар бир КЭУ ансыз деле жыл сайын Салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт тапшырууга милдеттүү. Бирок Райымкулов КЭУлар мүлкүн, кызматкерлеринин санын жана алардын маяналары тууралуу маалыматтын ачык болушун көздөп жатат.

Өкмөт отчёттор үчүн атайын маалыматтык система жасап чыгуу көп убакыт менен акча талап кыла турганын билдирген. Бул өз кезегинде текшерүүчү кызматкерлердин көбөйүшүн шарттап, кошумча жабдууларды сатып алууга мажбур кылат. Ал эми миңдеген уюмдардын отчётторун салыштырып текшерип чыгуу дээрлик мүмкүн эмес жана ал Юстиция министрлигинин милдеттерине кирбейт.

Эгер КЭУлар чыгымдары жана кирешелери тууралуу толук отчёт жарыялабай, же отчёт тапшырууну кечиктирсе, мамлекет аларды жаап коё алат.

«Пандемия учурунда Кут, Алтын-Казык айылдарында 15 миң адамга колдоо көрсөттүк. Ал жакка күнүгө 100дөн азык-түлүк баштыктарын таратып жаттык, бизден башка аларга эч ким жардам берген жок. Күйөөлөрүнөн токмок жеген аялдар үчүн өз үйүмдө башпаанек уюштурдум. Силер биздин жабылышыбызды каалайсыңарбы? Эгер жабылсак ошол аялдар кайда барат? Бул жүк өлкөнүн бюджетине артылат. Биздин жумушубузди силер аткарасыңарбы?» — деп суроо салат «Руки любви» уюмунун башчысы Наталья Гребнёва.

Гребнёва зомбулуктан жапа чеккен аялдар менен багар-көрөрү жок балдарга жардам берет. Ал кризис болбогон учурда деле өлкө казынасында аталган адамдарга жардам бергенге акча жоктугун белгилейт.

Бирок мыйзам долбоорунун негизги авторун «Руки любви» сыяктуу чакан уюмдардын жабылып калуу коркунучу анчейин деле кабатырлантпайт, себеп дегенде, алар отчёт тапшыруу үчүн атайын бухгалтер жана юристтерди жумушка ала алышпайт.

Депутат Райымкуловду бийликке каршы митингдер жана аялдардын укугу боюнча уюштурулган марштар көбүрөөк тынчсыздандырат. Ал дал ушундай акциялар орун алганына нааразы болгону үчүн гана бул мыйзам долбоорун көтөрүп чыгууда.

«Өткөн жылы 8-мартка карата гей-парад болду, музейде жылаңач аял пайда болуп, бул маселелер коомдо кызуу талкууланды. Мындан тышкары, митингдер кандай каржыланып жатканын көрүүдөбүз. Бийликти ар кандай сындап жатышат», — деди Райымкулов «Клоопко» курган маегинде.

* – Райымкулов айтып жаткан «гей-парад» чынында аялдардын укугу үчүн марш болчу. Ал Кыргызстанда жыл сайын 8-мартта өтүп турат. Акциянын катышуучулары аялдардын коомдогу бирдей эмес орду, аялдарга карата зомбулук, аялдарга жана эркектерге эмгек акыны төлөөдөгү айырма, билимдин аялдарга бирдей жеткиликтүү болбогону сыяктуу маселелерди көтөрүп чыгышат.

Ал көтөрүп чыккан мыйзам долбоору коммерциялык эмес сектордун ачык-айкындуулугун камсыздап, Кыргызстанды башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнөн коргоп, элдин салт-санаасын жана маданиятын сактап кала алат деп эсептейт.

«КЭУга акча жабык түрдө берилет. Мен алардын иш алып баруусуна каршы эмесмин. Мен биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн жоголуп кетишине түрткү болгон терс көрүнүштөрдү алып келишине, кимдир бирөөнүн же башка мамлекеттердин кызыкчылыгында революция уюштурушуна каршымын», — дейт Райымкулов.

Депутат бийликке жакпаган коммерциялык уюмдарга бут тоскусу келбегенин айтат. Бирок ошол эле маалдда улуттук коопсуздукту камсыздоо менен КЭУнун кошумча отчёттуулугу ортосунда кандай байланыш бар экенин түшүндүрүп бере алган жок.

Ошондой эле, Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөгөн, өлкө мыйзамдарын бузган, же экстремисттик багытта иш алып барган уюмдар болбошу үчүн көз сала турган орган бар. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК). Өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо анын түздөн-түз милдети болуп саналат.

Мыйзамдын долбоорунда эмне үчүн Юстиция министрлиги КЭУнун ишмердигин, алардын кирешелерин жана чыгашаларын УКМК же Финполго караганда жакшы көзөмөлдөй алат деп айтылганы азырынча түшүнүксүз.

Сценарий боюнча кеткен коомдук угуулар

Акыркы угуулар парламенттин имаратында 22-майда, коронавирус пандемиясы курчуп турган маалда киргизилген өзгөчө кырдаал режимин бузуу менен өттү.

Учурда кишилерге топтошуп алып үстү жабык жайларда чогулууга тыюу салынгандыктан, угууларга ар кайсы КЭУлардын 60 гана өкүлү катышты. Бул сан Кыргызстанда катталган бардык КЭУлардын 0.22%ын гана түзөт.

Укук коргоочулардын айтымында, коомдук угууга катыша тургандардын тизмесин депутат өзү түзгөн, ал эми Жогорку Кеңештин аппараты аны кыскарткан. Райымкулов «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, ал угуулар болордун алдында анын түзөтүүлөрүн колдогондор — Кадыр Кошалиев, Назира Нарматова, Роман Ремнёв жана Бейшенбек Абдыразаков менен Ак үйдөн жолукканын айтты. Ушул адамдардын бардыгы коомдук угууларга да катышкан.

Мисалы, «Антитеррор» кыймылынын мүчөсү Роман Ремнёв, журналист Эльнура Алканова жана аз таанымал болгон улутчул-патриоттук жана диний кыймылдардын өкүлдөрү тууралуу эл арасында ар кандай кептер айтылып жүрөт.

* – «Политкилинка» басылмасынын журналисттери коомдук талкууга катышкан айрым уюмдарды изилдеп чыгып, бул уюмдардын бир бөлүгү Юстиция министрлигинде каталбаганын аныкташты.

«Антитеррордун» мүчөлөрү 8-мартка карата уюштурулган Аялдардын маршы учурунда, Садыр Жапаровду колдоо митингинин жана жарандык коомдун башка нааразылык акцияларында чагым уюштургандары менен белгилүү. Ошондой эле, алар УКМКнын реформасы талкууланып жаткан жарандык коомдун тегерек столун үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан.

Райымкулов чакырган КЭУлардын өкүлдөрү депутаттын мыйзам долбоорун мактап, аны эбак эле кабыл алыш керек экендигин айтышкан.

«Мыйзамды токтоосуз кабыл алыш керек деп эсептейм. Чынында кеч калдык. [Мыйзам] жумшак болуп калыптыр, “чет мамлекеттин агенти, өкүлү” деген терминди кошуш керек болуп жатат. Мыйзамды тез арада кабыл алыш зарыл. ЛГБТга байланышкан кандайдыр бир акцияларды өткөрүүгө тыюу салыш керек», — деген пикирин «Акыл эс, рух жана ыйман» коомдук бирикмесинин башчысы Дүйшөн Абдылдаев билдирген.

Абдылдаев — диний ишмер, «ажы» макамы бар. Ал мусулмандардын атынан ЖМКларда активдүү чыгып турат. Бирок, белгилүү болгондой, мыйзам долбоору диний уюмдарга тиешелүү болбойт, андыктан, эмне үчүн Абдылдаевге бул угууларга катышуу керек болгону түшүнүксүз.

Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн жасаган иллюстрациясы

Мыйзам долбоорун колдогондор ар бири сүйлөп бүткөн сайын бири-бирин кол чаап, кубаттап турушту.

«Бүгүн чоң концертти көрүп отурабыз. Бул сценарий, абдан жакшы ойнолгон сценарий. Бул жерде дирижёр, башкы ролдордун аткаруучулары бар. Мындай айтканда, алдын ала каралган тизме менен чакырышат. Бардыгы өз ролун билишет. Азыр бул адамдар жалпы элдин атынан сүйлөп жатышат, мен да мамлекет карабай койгон жалпы элдин атынан сүйлөй алам, рак менен ооругандардын көбүнүн атынан сүйлөй алам», — деп нааразы болду «Вместе против рака» фондусунун башчысы Гүлмира Абдразакова.

Анын айтымында, депутаттар бул демилге менен анын фонду сыяктуу КЭУлардын ишин оорлотуп коёт. Абдразакова өзү рак илдетин жеңип, акыркы 14 жылдан бери онкологиялык оорулууларга жардам берип келет. Ал эми аларга жардам берүү үчүн мамлекет казынадан акча бөлүп бере албайт.

Жыл сайын Кыргызстанда дары-дармектин жетишсиздигинен, алардын кымбаттыгынан жана өз убагында дарылоонун жоктугунан улам онкологиялык оорудан 3 миңден ашуун адам көз жумат.

«Алар бюджет үчүн түйшүк, ошондуктан аларды дарылоого акча жок, а биз аларды дарылайбыз. Биз отчёт берүүдөн коркпойбуз, бирок донорлор каржылоону жаап коюшат. Ал эми бейөкмөт уюмдар мамлекет аткарбаган эбегейсиз ишти аткарышат», — дейт Абдразакова.

Аймактардагы коммерциялык эмес уюмдар бул угууларга таптакыр эле катыша алган жок, анткени ал өлкө ичинде авиакаттамга тыюу салынып, бир шаардан экинчи шаарга каттоо чектелген өзгөчө кырдаал режиминде өттү.

Гүлгакы Мамасалиева Ош шаарындагы «Интербилим» уюмун жетектейт. «Интербилим» адвокат жалдоого акчасы жок, алар жөнөкөй адамдарга укуктарын коргоого жардам берет. Уюмдун кызматкерлери айылдарды кыдырып, жалгыз бой энелерге тийиштүү жөлөкпүлдарды кантип алуу керектигин үйрөтүшөт. Мындан тышкары, Мамасалиева юристтердин командасы менен сотто үйлөрүн мамлекет алып койгондорго татыктуу компенсация алууга көмөктөшөт.

«Кыргыз-өзбек чек арасынын жанындагы “Достук” пунктунда мамлекет Бажы биримдигине киргендигинен улам 33 үй-жайды алып койгон, бирок үй-ээлерине базар баасынан ылдый компенсация төлөп бергилери келген. Биз соттошуп, бийлик органдарына кайрылып, мамлекетти ошол адамдарга көзкарандысыз баалоочулар коюп берген баа боюнча компенсация төлөп берүүгө көндүргөнбүз», — дейт Мамасалиева.

Коомдук талкуу карантин маалында болорун уккан Мамасалиева уктурууга бойкот жарыялоону чечкен.

«Депутат Райымкуловдун өзүнөн телефондон эмне үчүн аймактык уюмдарды дискриминация кылып жатасыңар деп сурасам, ал “Учак менен келе албайсыңарбы?” деп суроо берди. Коронавирустан улам учактар учпайт десем такси менен келүүнү сунуштады. Ал бизге машина менен келүүнү сунуштады, бизди өзгөчө кырдаал режимин бузууга үндөдү, — деп нааразы болду Мамасалиева.

Бийлик нааразычылыктардан коркот

Райымкуловдун мыйзам долбоору тууралуу биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын январында белгилүү болду. Ага чейин 1000ден ашуун адам бийликтен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовду камоону талап кылган #ReАкция аталышындагы тынчтык акциясы өткөргөн.

* – #ReАкция – бул жарандардын тынчтык акциясы. Ал кандайдыр бир активдүү саясий күчтөрдүн катыштыгы жок өткөн. Нааразылык акциясында модератордон тышкары эч кимге сөз берилген эмес.

Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн жасаган иллюстрациясы

Матраимов он тогуз жыл Бажы кызматында иштеп, төраганын орун басарлыгына чейин жеткен. «Азаттыктын» журналисттери анын декларациясында көрсөтүлбөгөн мал-мүлкүн ачыкка чыгаргандан кийин Матраимовдун аты ЖМКларда такай жазыла баштады.

2019-жылы «Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» журналисттери иликтөө жүргүзүп, Матраимовдун Бажы тутумундагы шектүү схемалар аркылуу Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылышына тиешеси бар экенин далилдешкен.

Акцияга катышкан адамдар президент, премьер-министр, парламент дагы Матраимовду жоопко тартуу үчүн эч кандай аракеттерди көрбөй жатканына кыжырданышкан. Ал эми бул үй-бүлөнүн “көз жаздымда” калган байлыктары бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери иликтенип жатса дагы эч кандай жыйынтык жок экенине нааразы болушкан.

Жарандык көзөмөл комитетинин координатору Динара Ошурахунова бийлик мындай нааразычылык акцияларынан корккондуктан, айрыкча парламенттик шайлоо жакындап калганда КЭУларга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууга шашып жатат деген ойдо.

«Биз бийликтегилер коррупцияга катыштыгы барларды табууга жардам берет деп реакция күттүк, бирок алар үн дагы чыгарган жок. Ошондуктан мамлекеттин жана парламенттин мыйзамсыздыкка, бийлик балансынын бузулушуна, бийликтин коррупция жана криминал менен чырмалышканына оңчулуктуу жооп бере алышпаганына көп сын-пикирлер айтылган. Бул мыйзам долбоору кокусунан болбогону түшүнүктүү. Ал жарандык активизмди, ЖМКларды, сөз эркиндигин кысуу максатында кайрадан демилгеленип жатат», — деп эсептейт Ошурахунова.

Бирок Райымкулов «Клоопко» аны бийликке каршы акциялардын каржы булактары кабатыр кылып жатканын, башка депутаттарды болсо гей-параддарды токтотуу үчүн мыйзам долбооруна авторлоштор болууга көндүргөнүн мойнуна алды.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Марлен Маматалиев бул тууралуу ага Райымкулов айтып берип, бул «анын жүрөгүн жылытканын» белгилейт. Бирок кийинчерээк депутат спикерден аны авторлордун тизмесинен чийип салуусун суранган. Анткени мыйзам катаал экенин жана ал бир гана ЛГБТны коргогон уюмдарды эмес, бардык КЭУларга тиешелүү болоорун түшүнгөн.

«Балдарым гей-параддар өтүп жаткан коомдо жашашын каалабайт элем, ошондуктан макул болгом. Чынын айтсам, мыйзам долбоорду аягына чейин окуган эмесмин. Биринчи окууга жакын аны менен таанышып, конкреттүү аша чаап кеткен жерлер бар экенин түшүндүм», — дейт ал.

Маматалиевдин мыйзам долбоорун толук окуп чыкпай кол коюп койгону көйгөй деле жаратпай, бирок башкы демилгечи Райымкулов өз демилгесин толук түшүнбөй жатканы чочулатат. Мисалы, Райымкулов «Клоопко» курган маегинде «Азаттык» өңдүү басылмалар ал көтөрүп чыккан мыйзам долбоордун курмандыгы болуп калбайбы деген суроого так жооп бере алган жок.

Жогору жактагылар түзөтүү киргизгиле деген

Бактыбек Райымкулов 27-февралда өзүнүн мыйзам долбоору тууралуу депутаттардын суроолоруна жооп берип жатканда кесиптештери эл өкүлү мыйзам долбоорун «жакшы түшүнбөгөнүн» байкашкан.

«Анын берген жоопторуна жана ыңгайсыз болуп жатканына караганда мыйзам долбоорун өзү жазбаганы анык», — деп ишенет депутат Дастан Бекешев.

Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн жасаган иллюстрациясы

Райымкулов чынында көп деле байкалбаган депутат, ал парламентте иштеп жаткан беш жылда өз алдынча бир эле мыйзам долбоорун демилгелеген.

Негизинен, Райымкулов депутаттык ишмердүүлүгүндө туулуп өскөн Панфилов районуна көп көңүл бурат. Тагдырдын тамашасын карасаңар, ал жакка эл өкүлү чет өлкөдөн каржыланган АРИС коммерциялык эмес уюмунун акчасына таза суу тарттырып, спорткомплекстерди салдырып берген.

«Райымкуловду коомдук талкууга чакырганбыз, эки жолу келбей койду, дебатка да келген жок. Ал демилгечи эмес эле бул мыйзам долбоорун колуна карматып коюшкан киши экени аныкталды. Аны грант ала албаган диний биримдиктер менен улутчул патриоттор колдошот, анткени алардын уставы жайында эмес, же алар билдирме жазганды билишпейт», — деп эсептей укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Райымкуловдун мурдагы кесиптеши, учурда «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова бул мыйзам долбоорун депутат эмес, кереги жок болуп жаткан жарандык активдүүлүктү басып салгысы келген президенттик аппарат демилгелегенине ишенет.

«Жогорку Кеңештин ичинде мындай демилгелер жаралбайт. Бул сыяктуу мыйзам долбоорун өткөрүү дайыма президенттик аппараттын дыкат көзөмөлү менен болот, ал дайыма алдын ала макулдашылат», — дейт Жакупова.

Азыркы парламент президентке жана анын аппаратына өтө эле жан тартып калганын депутаттардын өздөрү деле бир нече жолу айтышкан. Эл өкүлү Исхак Масалиев 21-майда мандатын тапшыра турганын айтып жатып дал ушул нерсе үчүн кесиптештерин сынга алган.

Жакупованын айтымында, парламенттин президенттен көз карандылыгы Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунан бери сакталып калган. Депутаттар бир эле КЭУлар тууралуу мыйзам долбоорун эмес, башка демилгелерди деле президенттик аппараттын макулдугусуз кабыл ала алышпайт.

«Кайсы бир мыйзам долбоорун каттабоо буйругу келгенде бут тосо башташат. Макулдук беришкенде бардыгы кадимки процедура менен өтөт. Ал эми жогорудан түшкөн учурда мыйзам долбоору процедураларды бузуу менен тез ылдамдыкта өткөрүлөт», — дейт 2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон Жакупова.

Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн жасаган иллюстрациясы

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул мүмкүн эместигин, Райымкуловдун мыйзам долбоору парламенттин бардык талкууларынан өткөндөн кийин гана президентке түшөт деп ишендирди.

«Президенттик аппарат документ кол коюуга түшкөндөн кийин гана көз карашын айта алат. Ал эми азырынча, мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатат», — деди Стамалиева.

Бирок азырынча абдан чийки жана орус мыйзамдарынан жарым-жартылай көчүрүлүп алынган мыйзам долбоору КЭУлардын ишин оорлоштура турганына карабастан парламентте ал чындап эле тездик менен каралып жатат.

Аталган демилгенин авторлошу Марлен Маматалиев парламент жайкы эс алууга кеткенге чейин депутаттар бул мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн колдон келген бардык аркетин көрөрүн айтат. Мыйзам долбоору учурда биринчи окууда кабыл алынып, коомдук талкуудан дагы өтүүгө үлгүрдү.

Мыйзам долбоору Орусияныкынан көчүрүлгөн

Өзгөчө кырдаал режимин бузуу менен өткөн угууну жана мыйзам долбоорун кабыл алууга шашылууну депутат Дастан Бекешев бир гана Кыргызстандагы бийликтин эмес, башка сырткы факторлордун да кызыкдар экендиги менен түшүндүрөт.

«Бул сыртынан таңууланган идеология жана философия. Биз алар “Сиздин эл аралык уюмдарыңыз тарап кетти” деген түшүнүктү берип жатканын аңдашыбыз керек. Ошондуктан бул мыйзам долбоору тездик менен кабыл алынып жатат. Угуулар өзгөчө кырдаал режиминде болду. Бул мыйзам долбооруна кызыкчылыктар бар жана бул бир гана депутаттар менен элдин кызыкчылыгы эмес», — деп эсептейт Бекешев.

Борбордук Азия чөлкөмүн 30 жылдан ашык убакыттан бери изилдеп келе жаткан саясат таануучу Аркадий Дубнов, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргызстандын бийлигине Москвадан айтылып жатат деп ырастайт.

Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн жасаган иллюстрациясы

Райымкулов мындай кептерди кескин четке кагууда.

«БӨУлар жөнүндө мыйзам Орусиядан келген деп айтып жатышат. Кечиресиздер, мен бул жерде эч кимге көз каранды эмесмин. Бул жерде мен бийликтин буйругун аткарбайм. Биз эч кимдин кызыкчылыгын көздөбөйбүз», — деди ал.

Бирок Райымкуловдун КЭУлар жөнүндөгү мыйзам долбоору, башка эл өкүлдөрүнүн акыркы демилгелериндей эле, мисалы, Гүлшат Асылбаеванын интернетке көзөмөлдү күчөтүүсү боюнча жарым жартылай же толугу менен көчүрүп алынып жатканы кызыктуу.

Орусияда 2012-жылы эле депутаттар чет өлкөлөрдөн каржыланган жана саясий иш-чараларга катышкан уюмдар «чет элдик агенттер» деп таанылган мыйзам кабыл алышкан. Азыр Райымкуловдун сунушу кыйла жумшак, бирок угууга чакырылган БӨУ өкүлдөрү мыйзамга «чет элдик агенттер» жөнүндө пункт киргизилиши керек экенин баса белгилешти.

Орусияда «чет элдик агенттер» өзүнчө реестрге киргизилет жана алар мамкызматтардын алдында кылдаттык менен отчёт берип турууга милдеттүү. Эгер алар муну аткарбаса ири суммадагы айыппулга жыгылышат же алардын ишмердүүлүгү чектелиши мүмкүн.

Эл аралык коомчулук орус бийлигинин чечимин кескин сынга алып, аларды жарандык секторду көзөмөлдөөнү жана өкмөттүн ишин сынга алган уюмдарды кысымга алууну каалап жатат деп айыптаган.

Орусиянын Мамдумасы бул мыйзамды кабыл алгандан кийин үч жылдын ичинде өлкөдө КЭУлардын саны үчтөн бирге азайган. Көптөндөрү өздөрү жабылган.

Бирок Орусияда коммерциялык эмес уюмдар да өз ишмердиктери үчүн президенттик фонддон грант алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. 2019-жылы орус бийлигинин казынасына жарандык секторго грант берүү үчүн 8 млрд рубль акча каралган. Кыргызстанда азырынча мамлекет тарабынан коммерциялык эмес уюмдарга грант берүү боюнча бир дагы учур, тажрыйба жок.

Дубновдун пикиринде, Орусия Кыргызстанга ыктап жатат, анткени өлкө — экономикалык жактан Борбор Азияда эң эле алсыз жана тарыхый жактан караганда орус бийлигине абдан лоялдуу.

«Жүз миңдеген кыргыз мигранты Орусияда иштейт, Кыргызстанда Орусиянын аскер базалары бар, алар аскерий-саясий коопсуздуктун түзүм жараткан элементи болуп эсептелет. Кыргызстан орустардын аймакта таасир этүү ареалынын ишенимдүү элементи болуп саналат, ал аркылуу Орусия өзүнүн Борбор Азияда жайгашуусун күчөтүп жана сактоого аракет кылууда», — деп билдирет эксперт.

Анын айтымында, Орусия учурда союздаш өлкөлөрүндө эл аралык таасирди алсыратууга аракет кылып жатат. Бул Орусиянын Батыш менен тиреши күчөп жатканына байланыштуу.

«Азыр геосаясий позицияларын кайтарууну көздөп жаткан Орусия менен Батыштын ортосунда тиреш күчөп жаткандагы олуттуу мезгил. Ага балким керек болгон жерде союздаштарынын консолидациясы талап кылынат. Аны мыйзам топтомдорун көчүрүү менен жасаган жеңил», — деп эсептейт Аркадий Дубнов.

Кыргызстандын бийлиги Орусияны маанилүү стратегиялык өнөктөшү деп далай жолу белгилеген. Жада калса 2020-жыл Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылы деп да жарыяланган — бул эки мамлекет кызматташтыгын бардык тармактарда бекемдөөгө аракет кылат дегенди айгинелейт.

Кыргызстандын Кытайга болгон 1,7 млрд доллар олчойгон карызы бар. Бул өлкөнүн жалпы тышкы карызынын 38%ын түзөт. Өз кезегинде мындай абал Кыргызстанды Кытайга жана Орусияга абдан көз каранды кылат.

«Бул жагынан караганда Орусия Бишкек башын жөлөй ала турган ийин болуп эсептелет. Бишкек Москвадан айтылган айрым сунуштардан баш тарта албайт», — деп ишенет Дубнов.

Орусияга болгон көз карандуулук, ал эми жардам дүйнө жүзүнөн келет

Саясий жактан Кыргызстан Орусияга көз каранды экени анык болсо, коронавирус пандемиясы көрсөткөндөй, экономикалык жактан өлкө эл аралык донорлордун акчасына көз каранды.

Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө өнүктүрүүгө расмий түрдө эң чоң жардам алган мамлекет болуп саналат. 27 жылда өлкө насыя жана грант түрүндө 8,1 млрд долларга чукул акча алган. Өлкө үчүн Түркия, Орусия жана Бүткүл дүйнөлүк банк эң ири донорлор болуп калган.

Башкача айтканда, бүгүнкү күндө мамлекет эң ири грант алуучу. Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекет 2 млрд доллардан ашуун грант алган жана булардын баарын бийлик кантип жумшаганын бирдиктүү портал аркылуу көз салууга мүмкүн эмес.

Коронавирус эпидемиясынын айланасында түзүлгөн кырдаал Кыргызстан эл аралык донорлордун жардамысыз абалды жөндөп кете албай турганын дагы бир жолу ырасталды. Президент Сооронбай Жээнбеков 28-майда эл аралык өнөктөштөрдөн Кыргызстандын тышкы карызын «терең» рестуруктизацияланышын өтүндү.

Коронавирустан улам өлкө бюджети түшө турчу акчаны жогото баштады, ошондуктан парламент май айынын ортосунда тартыштыгы 28 млрд сом болгон түзөтүлгөн бюджетти жактырды.

Карыздын рестуруктизацияланышын өтүнөөрдөн мурун, Жээнбеков карантиндин кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн Эл аралык валюта фондуна (ЭАВФ) финансылык жардам сурап кайрылган Борбор Азиядагы лидерлердин алгачкысы болду.

ЭАВФ бюджетти толтуруу үчүн Кыргызстанга 241,9 млн доллар кредит бөлүп берди. Жалпысынан, бардык чет элдик донорлордон мамлекетке 462,3 млн долларга чукул жардам болоору күтүлүүдө, алардын 17%ы гранттар.

Өкмөттүн бул каражаттарды кантип сарптаарына көз салып туруу кыйла оор болот. Мамлекет алган гранттарга көз салып туруу үчүн Райымкулов КЭУлардын отчёт берүүсү үчүн сунуштаган порталдай бирдиктүү портал жок.

Вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөт коронавируска каршы күрөшүү үчүн түшкөн тышкы жардам эмнелерге кеткендиги тууралуу деталдуу отчёт жарыялай албастыгын билдирген.

«Тышкы жардамды беренелер боюнча колдонуу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү сунушу болгон. Учурдагы система муну жасоого жол бербейт», — деген ал.

Эл аралык коом Кыргызстанга экономикалык кризистен чыгууга жардам берүү үчүн киргизилип жаткан түзөтүүлөргө нааразы экенин билдирди. Алар учурда өлкө бийлиги КЭУнун ишин оорлотпостон аны менен биригүүгө убакыт келип жетти деп эсептейт.

«COVID-19 экономика жана коомго олуттуу таасир этип жатканын эске алуу менен биз бул пандемияга каршы турууда улуттук мобилизация үчүн жана өкмөт менен жарандык коомдун ортосунда мамилени бекемдөөгө убакыт келип жетти деп эсептейбиз. Тилекке каршы, сунушталып жаткан мыйзам бул улуттук максаттарды кемитет», — деп айтылат БУУнун атайын баяндамачылары Клемент Ньялецосси Воуле менен Мишель Форсттун Жогорку Кеңештин дарегине берилген нотасында.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова эгер мыйзам кабыл алынса, анда Кыргызстандын демократиялык багытты карманган өлкө катары имиджи начарлайт деп эсептейт. Демек донорлор жарандык сектордун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп жаткан өлкөлөргө акча бөлүүнүн кажети бар-жогун ойлоно баштайт.

Анын айтымында, эл аралык коом өкмөттүк эмес секторго жардамын кыскартып, ал эми мамлекет активдүү уюмдарды көзөмөлдөгөнүн күчөткөндө алар жабылууга аргасыз болушат.

«Биз четте деле тура беребиз. Бирок бул орунга мыйзамдын, укуктардын сакталышы жөнүндө ооз ачпаган башка уюмдар менен активисттер келет. Алар Конституция, ачык-айкындык, кызматташтык, укуктук ыкмалар тууралуу айтышпайт. Алар бийликти таптакыр башкача сындаган жарма патриоттор болушат. Аларды таптакыр башкача иштөөгө мажбур кылышат», — деп жыйынтыктады Ошурахунова.