Депутаттар менен жарандык коом өкмөттөн тыштан келген жардам боюнча отчёт талап кылышууда

Вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөт тышкы карыз эмнелерге кеткендиги тууралуу деталдуу отчёт жарыялай албастыгын билдирди.

«Тышкы жардамды беренелер боюнча колдонуу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү сунушу болгон. Учурдагы система муну жасоого жол бербейт», — деди ал.

Анын айтымында, бирдиктүү эсепке тышкы жардамдын каражаттарынан тышкары салык жана бажы төлөмдөрү да түшөт. Бардыгына каражат ошол эсептен сарпталат.

«Көзөмөл боюнча айтсак, Эсеп палатасы бар, көзөмөлдөөчү башка органдар, Жогорку Кеңештин комитети, бюджеттик чыгымдар тууралуу өкмөт отчёт берген парламенттин өзү бар. Анткен менен, биз Каржы министрлиги тышкы жардамдын ички учётун жөнгө салышы үчүн анын алдында тапшырма койдук», — деп билдирди вице-премьер.

Ал Каржы министрлигинин эсебине Эл аралык валюта фондунан 120,8 млн доллар которулганын, алардын бардыгы салыктар менен кошо «бюджеттик чыгымдарды жабууга» жумшалганын билдирди. Мындан тышкары, Кыргызстанга суммасы 700 миң долларды түзгөн гумжардам да келип түшкөн.

Бирок өкмөт отчёт берүүгө милдеттүү

Кыргызстан Эл аралык валюта фондуна карыз сурап кайрылуу менен медициналык жардамды сатып алуу боюнча отчёт берүүгө милдет алган.

«Саламаттык сактоо секторундагы бул кошумча чыгымдардын сапатын камсыздоо үчүн биз медициналык багыттагы шашылыш керектүү буюмдардын сатылып алынышын Эсеп палатасынын текшерүүсүнө кептөөгө милдеттүүбүз, анын жыйынтыгы Каржы министрлигинин сайтына жарыяланат», — деп жазган өкмөт Валюта фондуна. Бул сөздү Ачык өкмөттүн улуттук форуму Асрандиевге кайрылууда келтирди.

Улуттук форумдун мүчөлөрү Асрандиевге өкмөт ЭВФтин алдындагы убадасынан улам гана эмес, Бюджеттик кодекс боюнча да отчёт берүүгө милдеттүү экенин эскертишти.

Өкмөт өзүнүн расмий сайтында республикалык бюджеттин жарым жылдык аткарылышынын обзорун, Эсеп палатасынын аны текшергендеги аудити тууралуу отчётту, анын аткарылышы тууралуу бекитилген жылдык отчётту жарыялоого жана ай сайын отчёт берүүгө милдеттүү.

«Бюджеттик мыйзамдарга ылайык, республикалык бюджеттин мамбашкаруу органдары боюнча бардык чыгымдары тууралуу маалыматты дал гана беренелер боюнча ачыктоо каралган», — деп жазышат ачык катта.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, бюджеттик каражаттарды алуучулар утур-утур отчёт берип турушу керек, ошондой эле коомго мамкарыз тууралуу маалымат да жеткиликтүү болушу абзел.

«Ачык өкмөттүн улуттук форумунун мүчөлөрү — жарандык коомдун өкүлдөрү, алар туруктуу ай сайын отчёттуулукту, беренелер боюнча жана мамлекеттик башкаруу органдары боюнча, Каржы министрлигинин сайтында COVID-19га каршы күрөшүү үчүн биздин өлкөгө багытталган тышкы жардамды сарптоо боюнча, ошондой эле Казыначылыктын ар бир эсебиндеги акча каражаттарынын калдыктары тууралуу маалыматты күн сайын жарыялоону талап кылышууда», — деп талап коюшту Улуттук форумдун мүчөлөрү.

Депутаттар да отчёт талап кылышууда

Асрандиев 29-апрелде система отчёт берүүгө жол бербесин айткан. 30-апрелде парламенттин жыйынында депутаттар премьер-министрди жыйынга чакырууну талап кылышты.

Өкмөт башчысын депутат Исхак Масалиев чакырууну сунуштады. Ал бюджет боюнча маалыматтарды угуу керектигин билдирди.

Ал эми депутат Наталья Никитенко өкмөт башчысы бүгүн антикризистик план менен тааныштырууга милдеттүү экенин айтты.

«Өкмөт башчысы бүгүн антикризистик план, анын ичинде эл аралык донорлордон да, бирдиктүү эсепте түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар менен тааныштырууга милдеттүү», — деди ал.