Саламатсызбы, окурман! «Клооп» басылмасы кыргыз журналистикасынын өнүгүшүн каалайт жана кыргыз тилдүү аудиторияга кызыктуу материалдарды сунуштагысы келет. Ал үчүн алгач окурмандарды таанып-билүүбүз кажет.

Бизди окуп жаткан аудитория кандай темадагы жаңылыктарга кызыгат, эмне жөнүндө билгиси келет, аларга маалыматты кайсы форматта алуу ыңгайлуу деген сыяктуу бир топ суроолорубуз бар. Буларга жооп алуу үчүн биз сурамжылоо даярдадык. Ал ашып кетсе 5 мүнөт убактыңызды алат.

Эгерде сиз да кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө кол кабыш кылгыңыз келсе, изилдөөнүн суроолоруна жооп берип, биздин катарга кошулуңуз. Сурамжылоо аяктагандан соң биз маалыматтарды талдап, кийин материал, макала даярдоодо окурмандардын каалоолорун эске алабыз.

«Клооп» жыл сайын онлайн журналистика мектебин уюштуруп, журналисттерди даярдап келет. Сурмажылоонун жыйынтыгы менен үч катышуучуга жакынкы убакта өтчү мектепте акысыз окууга сертификат тапшырабыз. Окуу Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Катышуучуларды жатакана менен да камсыздап бере алабыз.

Сертификаттардын ээлери random.org сайтынын жардамы аркылуу тандалып алынат. Эгерде сиз конкурска катышууну кааласаңыз сурамжылоону өтүп жатканда телефон номериңизди калтырууңуз керек болот. Ар бир катышуучуга жеке номер берилип, жеңүүчүлөрдү рандом онлайн сервиси аныктайт. Сервис кокусунан тандалып алынган сандарды чыгарып берет.

Бардык катышуучуларга ыраачызылык билдиребиз!

Кыргыз тилдүү аудиторияны таанып-билүү боюнча изилдөө Internews Network эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашууда.

Составьте собственный опрос для сбора отзывов пользователей