COVID-19дан айыккандардын саны 1813кө жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-июнда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 22 бейтап коронавирустан айыкты — алардын арасында 13 медкызматкер бар.

Илдеттен айыккандардын эң көбү Нарын облусунда катталды — 13. Ошондой эле Бишкек шаарында жети, Ош жана Чүй облустарында бирден кишинин коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, алар ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 1813га жетти — бул жалпы оорулуулардын 76 пайызын түзөт. Айыккандардын арасында 354 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 15-июнга карата коронавирустун жаңы 87 учуру катталды — жалпысынан 2372 учур. Ооруканаларда 531 адам жатат — алардын 27си оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө төрт бейтап которулган.