Бишкек ШИИБинин кызматкерлери 15-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында пикетке чыккандарды кубалап таркатты. Алар кыз-келиндерге карата зомбулукка жана укук коргоочу Камиль Рузиевдин кармалышына каршы жалгыздап пикетке чыгышкан.
Акциянын катышуучулары «Клооптун» журналисттерине милиционерлер пикет башталаары менен дароо келе калып, алардын плакаттарын тартып алганын айтып беришти.
«Бизге милиционерлер келе баштаганда саат 10:55 болуп калган. Онга жакын адам турганбыз. Жада калса бири-бирибиз менен жакындашкан жокпуз, жөн гана саламдашып, эки метр аралыкты кармап турганбыз. Андан кийин бизге милицонерлер кол салышты, ар бирибиздин плакатыбызды тартып алып, айрып салышты, бизди тегеректеп курчап, аралыкты сактабай жатасыңар дешти», — деп билдирди пикеттин катышуучусу.
Акциянын уюштуруучулары алардын кадамы мыйзам чегинде болгонун айтышууда.
«Конституция боюнча биз чыгып, өз оюбузду айта алабыз. Биз үймөлөктөшүп чогулган эмеспиз, анткени биздин ортобузда эки метр аралык бар болчу. Биз адамдардын укуктары бузулбашы үчүн, реформалар болушу үчүн, милициянын ээнбаштыгын токтотуу үчүн чыктык», — деп билдирди пикеттин катышуучусу.
Милиционерлер тынчтык демонстранттарынын кууп таркатылышын өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон калып атканы менен негиздешти.
«Мыйзамда жазылган, карантин учурунда эч кандай пикет, нааразычылык акциясы болбошу керек. Биз башка митингтерде да түшүндүргөндө алар кетип жатышат. Биз буларды бул жакка тургула деп айтпасак, азыр башкалары келет да, ортосунда ызы-чуу чыгат. Ким күнөөлүү? Баягы эле күч структурасы күнөөлүү», — деди Бишкек ШИИБинин башчысынын орун басары Эрлан Атантаев.
Атантаев «өзү да зомбулукка каршы экенин, бирок мунун үстүнөн тийиштүү органдар иштеп атканын» айтты.
«Аялга дөңгөлөк илген акмакчылык, айбанчылык. Аны баарыбыз айыптап жатабыз. Ал боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошого карабастан булар чыгып алып баарын дүрбөлөңгө салып жатышат. Биз ынтымакка чакырып жатабыз», — деди Бишкек ШИИБинин башчысынын орун басары.
Акциянын себептери
Уюштуруучулар акцияны өлкөдө жакында эле болуп өткөн окуяларга арнашты.
Свердлов райондук соту 8-мартта өткөн тынчтык маршынын үч катышуучусун мыйзамдуу кармалган деп тааныды. Ошондой эле, сот милиционерлердин талабына баш ийбегени үчүн үч кызга тең салынган 3 000 сомдук айыпты мыйзамдуу деп тапты.
Ошол эле күнү, 12-июнда интернетте Сузак районунда аялына дөңгөлөк илип, колун байлап үстүнөн ылдый суу чачып жаткан эркек кишинин видеосу пайда болгон. Сузак райондук соту аны «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен 13-июнда 15 күнгө камакка алган.
Соода борбордун ажатканасында зордукталган 13 жашар кыздын апасы 8-июнда Биринчи май райсотунун судьясы Айбек Эрнис уулунун, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун судьялары — Алгожоевдин, Есекеевдин, Сабитованын үстүнөн даттанып, Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссисына кайрылды. Ал судьялар шектүүнү актап жатып процессуалдык нормаларды бузушканын айтууда. Омбудсмен Токон Мамытов анын арызын колдогон.
УКМК 29-майда укук коргоочу Камил Рузиевди кармаган. Ал дайыма укук коргоо органдарындагы кыйноолорго каршы чыгып келген. Атайын кызматтын өкүлдөрү аны документтерди жасалмалоо жана алдамчылыкка шектеп кармашкан. 31-май күнү соттогу көптөгөн бузуулурга карабастан, укук коргоочу эки айга үй камагына чыгарылган.