Сузакта аялын кордогон тургун 15 суткага камалды. Бул окуяга парламент жана өкмөт көңүл бурду

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында күйөөсү тарабынан кордолуп жатканы тартылган видео интернетте 12-июнда пайда болуп, ал коомдун бүйүрүн кызыткан. Анда 50 жашка чамалуу киши аялдын колун артка байлап, мойнуна таштар салынган эки дөңгөлөктү илип, үстүнө чакалап суу чачып, бетке чапкылап кордоп кыйнаган.

Аялдын баш мээси чайкалганы аныкталган. Күйөөсү аялын бир тууган эжесиникине барып келгени үчүн сабаган. Аялдын уулу апасы ур-токмокко алынганын угаары менен келип, аны коргой баштаган. Ал эми жакындары күйөөсү аялын биринчи жолу эле токмоктоп жаткан жок деп айтып беришкен.

Видеодон аялын кордоп атканын кишинин «тарт, сабак болушу керек, кийин эстейт» деп сүйлөнүп жатканын угууга болот. Андан кийин ал видеону кайын эжесине жиберген.

«Ал атайын бардыгын видеого тартып алып, мага жөнөткөн, калгандар үчүн сабак босун деп. Көрсө буга чейин да сабап жүргөн экен», — деп айтып берген ал.

Милиция башында бул ишти «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси боюнча каттайын деген, бирок фактыларды териштирип, иштин квалификациясын «Уруп-согуп кыйноо» беренесине алмаштырган.

Ал эми 13-июнда Сузак райондук соту аталган адамды 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Көзөмөлгө алынды

Өкмөт «Жалал-Абад облусундагы үй-бүлөлүк зомбулук факты көзөмөлгө алынганын» кабарлады.

Бул окуя 15-июнда өкмөттүн алдындагы Аялдардын иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат. Бирок азырынча бул окуянын карала турганы эмнеге алып бараары белгисиз.

Ал эми депутат Наталья Никитенко бул зомбулук окуясына иликтөө жүргүзүү талабы менен укук коргоо органдарына сурам жолдогон.

«Укук тартиби боюнча биздин комитет жана мен, аял катары, депутат катары бул учурдун кылдат жана бейтарап иликтенишин талап кылам», — деди ал. Никитенко билдиргендей, эркек кишинин жаза алышына жетишүү менен гана тим болбостон, жабыркаган аялга психологиялык жана медициналык жардам камсыздап бериш керек.

ТЕМА БОЮНЧА: Аялынын колун байлап, үстүнө чакалап суу куюп кордогон киши кармалды — Сузак району