COVID-19дан дагы 54 адам айыкты, алардын эң көбү Ош облусунун тургундары

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-июнда маалымдагандай, өлкөдө акыркы суткада дагы 54 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыгарылды.

Илдеттен айыккандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 16. Ошондой эле Ош шаарында 15, Ысык-Көл жана Чүй облустарында төрттөн, Бишкек шаарында тогуз жана Нарын облусунда алты кишинин коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, алар ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 1901ге жетти — бул жалпы оорулуулардын 76 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирустун жаңы 90 учуру катталды — жалпысынан 2562 учур. Ооруканаларда 631 адам жатат — алардын 33ү оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алты бейтап которулган.