Кыргызстанда коронавирус дагы 90 адамдан аныкталды — жалпы 2562 учур

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттыкты сактоо министрлиги

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 90 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-июндагы брифингде билдирди.

Илдеттин эң көп жаңы учуру Бишкек шаарында катталды — 36. Ош шаарында коронавируска жети адам чалдыкты. Ошондой эле коронавирус Ош жана Талас облустарынан алтыдан, Баткен жана Жалал-Абад облустарында үчтөн жана Чүй облусунан 29 кишиде табылды.

Covid-19га чалдыккандардын ичинен 42 киши оору жугузуп алгандар менен байланышта болгондор, 12си сырттан келген жарандар, ал эми 36 кишиге оору кайдан жукканы белгисиз, учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 2562ге жетти. Өпкө илдетинен жалпысынан 1901 адам айыкты, 30 бейтап көз жумду.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталган — 819 учур. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 416 учур. Ош облусунда — 267, Жалал-Абад облусунда — 189, Ош шаарында — 287, Чүй облусунда — 255, Баткен облусунда — 39, Ысык-Көл облусунда — 33 жана Талас облусунда 17 адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталды.

Учурда ооруканаларда 631 адам калууда — алардын 33ү оор абалда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 11 160 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болуп, үй карантининде блгондордун саны 10 664 адамды түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 3544.